Бишкекте байкоочуларга шайлоо аймагына кирүүгө тоскоолдук кылышты

Бишкекте үй комитеттеринин биринин төрайымы «Клооптун» байкоочуларын добуш берүү жүрүп жаткан үйгө киргизбөөгө аракет кылды. Аял алардан «уруксатнаама» (ыктымал күбөлүк — ред.) талап кылды.

«Эмне талашып жатасыңар? Силердин [тартканга] укугуңар жок. Макул, анда силер тартканга акыңар бар экенин тастыктаган уруксатнаама көрсөткүлө. Ошондо мен унчукпайм», — деди аял байкоочу кызга.

Анда алардын жанында турган милиционер кийлигишүүнү чечип, байкоочудан да домкомдон да документтерди сурады. Ал учурда № 1343 УШКнын комиссия мүчөлөрү шайлоочуларды каттап башташты.

Мыйзам боюнча добуш берүү жайында УШК мүчөлөрү, шайлоочулар, милиционерлер жана байкоочулар боло алат — бул үчүн кошумча уруксатнаама талап кылынбайт. Ошондой эле байкоочу процесс учурунда добуш берүү купуялуулугун бузбастан съёмка жүргүзгөнгө укуктуу.

Ал эми Бишкектеги карылар үйүндө көчмө добуш берүүдө №1208 УШК мүчөлөрү байкоочуларды байкоо жүргүзүүгө мүмкүн болбогон коридорго чыгарып салышты.

«Клооптун» байкоочуларынын айтымында, комиссия мүчөлөрү алардан «коронавирус менен оорубаганын» тастыктаган маалымкат талап кылышкан — муну комиссия мүчөлөрү аймак «кызыл зона» болгону менен түшүндүрүшкөн.

Ошондой эле милиционер «Клооптун» байкоочуларына имараттан чыгып кетүүсүн айткан.

«Сиз “өзгөчө” кызсызбы? Келгиле бири-бирибизди сыйлап, комиссиянын ишине тоскоолдук кылбайлы. [...] Эмнеге сиз бул жерде турушуңуз керек? Анда азыр дагы 20 адам [байкоочулар] бул жака келип алат. [...] Сиз билесизби бул “кызыл зона”, алар баары картаң кишилер. Биз баарыбыз карылар үйүнүн жетекчисинин сөзүн уктук, а сиз тоготкон жоксуз», — деп сүйлөгөн комиссия мүчөсү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, байкоочулар шайлоо участокторунда эркин жүрүүгө укуктуу.

Өлкөдө бүгүн, 10-апрелде, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум көчмө добуш берүү аркылуу жүрүп жатат. Мында ден соолугуна же кызматына байланыштуу участокторго келе албаган шайлоочуларга УШК мүчөлөрү өздөрү келишет.

Ошондой эле, түрмөдөгүлөр же алыскы аймактарда жашаган жарандар бөлмөдөн участоктордон тышкары добуш бере алышат.

Участкаларда добуш берүү 11-апрелде болуп, шайлоо 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште өтөт.