«Кадастрдын» Оштогу башчысы «Ошэлектронун» имаратын сатып жиберүүгө айыпталууда

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын башчысы Ильяз Сансызбаев

УКМК «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын башчысы Ильяз Сансызбаевди кармады. Ал «Ошэлектро» ЖАКынын административдик имаратын арзан баада сатууга жана жеке тарапка өткөрүп жиберүүгө айыпталууда.

Имаратты сатуу боюнча аукцион бир жыл мурун өткөн. Анын аянты 600 чарчы метрди түзүп, имарат өзү 16,65 сотых жерде жайгашкан. Аукциондо имарат 8 млн сомго сатылган. УКМК аталган имараттын жер тилкесинин бир чарчы метри 2,5 миллион сомдон жогору тургандыгын белгиледи.

«С.И.Б. белгиленген тартипти бузуп, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз чыгарган. Ал менчикке бербестен убактылуу пайдаланууну камсыз кылышы керек болчу», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Шектүү УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук тергөө камак жайына 5-апрелде киргизилди. Аталган факт «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Ошэлектронун» имаратынын сатылышы боюнча иш

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында «Ошэлектронун» мурдагы башчысы Дыйканбай Даминов кармалган. Финансы полициясы Даминов аталган ишкананын жетектеп турган учурда мамлекетке 30 млн сомдук зыян келтиргендигин аныктаган. Ал эми Даминов өзү айыптоолорду четке каккан.

«Ошэлектро» жабык акционердин коомунан сатылган имарат авариялык абалда болгон деп ишендиришкен. Ишкананын басма сөз кызматы жетекчилер имаратты сатып, жаңы мекемени оңдоп-түзөөгө сарптоону туура көрүшкөндүгүн билдиришкен. Ошондой эле, бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду жана «Улуттук энергохолдинг» ААКдан кабардар болушканын айтышкан.

Анткен менен аукциондо авариялык абалдагы имаратты сатып алууга кардар табылган эмес. Аукцион бир нече жолу өткөрүлүп, 2020-жылдын августунда 8,9 млн сомго имараттын өзү эле сатылган деп маалымдашкан. Ал эми жер дале мамлекеттин карамагында дешкен.

Ошондой эле, «Ошэлектродон» түшкөн каражатка Ош шаарынан 50 сотых жер тилкесин сатып алынганын билдиришкен. Аталган аймакка ишкана темир-бетон жасалгаларын чыгаруучу өндүрүш курууну көздөгөн.