Бишкекте бир нече участокто көчмө урналарга пломба туура эмес басылды

«Клооптун» байкоочулары Бишкектеги бир нече шайлоо участкаcында көчмө урналардын пломбасы туура эмес басылганын билдиришти. Участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү үкөккө көк тасманы чаптап коюшкан.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана башка мүчөлөрү, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат деп жазылган.

«Клооптун» байкоочусу Регина Жоробаева №1318 УШКсынын мүчөлөрү эки урнаны тең көк тасма менен бекиткенин кабарлады.

Ушундай эле мыйзам бузууну №1131 участоктогундагы байкоочубуз да билдирди. Байкоочу УШКнын мүчөсүнө бузуулар тууралуу айтканда, ага «эмне кылуу керектигин айтпа» деп жооп кайтарган.

«Урматтуу байкоочулар, биз сиздер менен эки күн бою иштейбиз. Силер эмне кылуу керектигин айтпаңыздар, суранам. Ушул тасма менен бекитилет. Кечинде шайлоо бүткөндө биз аны толугу менен пломбалайбыз», — деген УШКнын мүчөсү.

№1018 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үкөктү «мурда да ушинтип бекитет элек» деп билдиришти. Ушундай көрүнүш көптөгөн участкаларда байкалып жатат.

Бирок биздин байкоочулар №1346 жана №1208 шайлоо участкаларында көчмө урналар кантип пломбаланышы керектигин айтып жеткире алышкан. Андан кийин үкөктөр ушинтип бекитилген.

Кыргызстанда 10-апрелде имараттан сырткары жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат. Ден соолугунан жана кызматына байланыштуу шайлоо тилкелерине бара албагандарга УШКнын мүчөлөрү өздөрү келишет.

Мындан сырткары алыста жашаган жана абакта отурган жарандар да имараттан сырткары добуш бере алышат. Шайлоо тилкелеринде шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште өтөт.