Бишкекте аялга бычак менен кол салган киши кармалды

Кол салууга шектүү, сүрөт: Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы аялга бычак менен кол салууга шектелген киши кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү 1977-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал борбор калаанын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери бычак табышкан.

Окуянын өзү 10-апрель күнү кечинде болгон. Анда Октябрь РИИБине Сухэ-Батор көчөсүндө белгисиз киши ага кол салып, жарадар болгонуна айтып арызданган аял кайрылган.

Кол салуу фактысы боюнча милиция «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. ШИИББден соттук-медициналык экспертизадан кийин берене алмаштырылышы мүмкүн экенин кошумчалашты. Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун териштирип жатат.