Чүй: Кимге добуш берүү керектигин көрсөтүп жатышат

Чүй облусунун Аламүдүн айылындагы №7199 участкасында партиялардын үгүтчүлөрү шайлоочуларга жергиликтүү кеңештерге шайлоодо алар добуш бериши керек болгон талапкерлердин аты-жөнү жазылган кагаздарды берип жатышат.

Шайлоочулар участкага ошол кагазды көтөрүп кирип-чыгышууда. Биздин корреспонденттер мындай барак көтөргөн эки шайлоочуну сүрөткө тартып калышкан.

Мунун баары «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамды бузуу жана шайлоочунун тандоосуна басым жасоо болуп саналат.

Ал эми Чүйдүн Кемин шаарындагы №7009 шайлоо участкасына «Тынчтык» партиясынын талапкери Сатина Акысбекова байкоочу катары катталган. Бул жөнүндө шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү билип калып, ал участкадан чыгып кеткен.

Акысбекова депутат болууга талапкерлигин койгонун билбегенин айтууда. Бирок БШКнын сайтында ал «Тынчтык» партиясынын тизмесинде 10-орунда турганын көрүүгө болот.

Мыйзам боюнча, депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандар шайлоо участкасында байкоочу болууга укугу жок.

Дагы окуңуз — Ош: №5316 участогунда байкоочу менен үгүтчү делген аял уруша кетти

Жергиликтүү кеңешти шайлоо жана референдум

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылы жазында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо бир жылдан кийин өтүп жатат.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айылдык кеңеште 7 560 депутатты шайлашат.

Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтөт. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.