Ош: №5316 участогунда байкоочу менен ыктымал үгүтчү уруша кетти

Ош шаарындагы №5316 шайлоо участогунда ызы-чуу чыкты. Анда эки аял бири-бири менен тасмага тартпоону талап кылып айтышып кетишкен.

Жеринде болгон «Клооптун» кызматкерлеринин айтымында, аялдардын бири байкоочу болгон. Ал эми экинчи аял кайсы бир партияга үгүт жүргүзүп жүрүшкөнү айтылды.

Уруша кеткен байкоочу аялдын сөзүндө, ал үгүтчүлөр делген аялдар участокко жакын жерде чогулуп, отургучтарды коюп отурушканын көргөн. Ал аялдарды «эмне үгүт жүргүзүп жатасыңар» деп тасмага тарта баштаган.

«Булар бул жакта туруп алышып агитация кылып жатышат. Түшүнбөй эле келип сурасам мени көптөп кетишти», — дейт ал.

Ал эми ыктымал үгүтчү аял «жөн гана кошуналары менен турганын» айтты. Ошондой эле «мен кош бойлуумун» деп, «үгүттү өзүбүздүн адамдарга жүргүзүп жатабыз» деп кыйкырды.

«Менин боюмдан түшүп калса сиз жооп бересиз. Турсак “эмне турасыңар” деп келип алды. Далили жок. Адамдын эмне тааныштары менен сүйлөшүп турганга акысы жокпу», — деди ал.

Анткен менен участокту карап турган милиционерлер чыр-чатак учурунда эч кандай реакция кылган жок. Байкоочу аялдын «эмнеге карабайсыңар, мени талап уруп жатышат го» деген суроосуна милиционерлердин бири «карап жатпайбызбы» деп жооп берди.

Парламенттик шайлоодо аталган участокто «Клооптун» кызматкерлерине кол салуу болгон учурда милиция эч кандай реакция кылган эмес — журналисттердин да «эмнеге чара көрбөй жатасыңар» деген суроосуна аталган милиционер дал ушундай жооп узаткан.

Окуядан соң үгүтчү делген аял «мен шайлоочумун» деп «Клоопко» комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми байкоочу акт түзөөрүн билдирди.