Ош: №5271 участогунда бир шайлоочуга эки бюллетень берилгени маалымдалды

Ош шаарындагы №5171 шайлоо участогунда АШКнын мүчөлөрү бир шайлоочуга эки бюллетень берилгени кабарланды. Бул тууралуу «Ыйман Нуру» партиясынын талапкери Медербек Абдыманапов фейсбукка жазды.

Абдыманапов жүктөгөн сүрөттө шаардык кеңешке катышкан партиялардын тизмеси жазылган эки бюллетенди көрүүгө болот. Эки бюллетенде тең «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына белги коюлган. Негизи шайлоочуларга эки бюллетень берилет, бирок анын бирөөсү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга байланыштуу болушу кажет.

Анын айтымында, мыйзам бузууну партиянын байкоочусу байкаган. Бул боюнча акт түзүлгөнүн билдиришти. Андан соң АШКнын төрагасынын колу менен аталган шайлоочуга берилген 3 бюллетень жокко чыгарылган.

Ошондой эле Абдыманапов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын мыйзамдуу өкүлүнүн үстүнөн да акт түзүлгөнүн билдирди. Анда башка партиянын байкоочулары «Ата-Журт Кыргызстандын» өкүлү АШКнын мүчөлөрү менен байланышып, шайлоочулардын эркин добуш берүүсүнө таасир этип жатканын кабарлашкан.

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылы жазында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо бир жылдан кийин өтүп жатат. Көчмө добуш берүү 10-апрелде өткөн.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айлдык кеңеште 7560 депутатты шайлашат.

Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтөт. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.