Ош: «Клооп» кол салуу иши боюнча милициянын үстүнөн прокуратурага даттанат

Иллюстративдик сүрөт

«Клооптун» кабарчылары Бекмырза Исаков, Алийма Алымова жана байкоочусу Чолпон Кожошеванын жактоочусу Мухайё Абдураупова Ош ШИИБинин кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага даттанаарын билдирди.

Ош шаарынын №5304 добушканасынын алдында «Клооптун» мобилдик тобуна кол салуу болгон. Жабырлануучулар милициянын Ак-Буура бөлүмүндө сурак берип чыгышкан.

Абдураупованын айтымында, мыйзам боюнча тараптардан арыз жазылгандан соң милиция талон бериши керек болчу. Ал талондо арыздын катталган номери жана КЖБРге кайсы берене менен катталып жаткандыгы тууралуу маалымат камтылат.

«Арыздардын жана сурак кылган кагаздардын көчүрмөсүн байкоочулар да, мен да жактоочу катары сурадым, бирок алар беришкен жок. “Канцелярияга өтүнүч менен кайрылгыла, үч күндөн кийин жооп беребиз” деп коюшту», — дейт Абдураупова.

Мындан сырткары, жактоочу арыздануучулардын процессуалдык укугу бузулгандыгын айтып, экинчи тарап менен беттештирүү болбогондугун белгиледи. Эми Абдураупова милициянын Ак-Буура бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага даттануу кагазын даярдап жатат.

11-апрелде саат 12:30 чамасында №5304 добушканасынын алдында «Клооптун» мобилдик тобуна кол салуу болгон.

Байкоочу жана кабарчылар шек жараткан аялдардын тобун видеого тартып жаткан учурда, аларга белгисиз аял келип түртүп, жулкулап телефондорун тартып алган. Аталган аял кабарчы тасмага тартканына нааразы болгон. Кабарчы экинчи телефонун алып чыгып окуяны тартып жатканда, аны да жулуп алган.

«Клооптун» кабарчылары ошол жердеги милиционерлерден жардам сурап, телефонун тартып алган аял тууралуу айтып беришкен. Бирок, милиционерлер реакция кылышкан эмес.

Андан соң чырга белгисиз киши аралашып, ал байкоочунун телефонун тартып алган. Кабарчылар эки телефонду кайра алышкан, бирок бирөөсүн аял кайтарган эмес.

Кийинчерек бир милиционер эки тарапты тең шаардык милициянын Ак-Буура бөлүмүнө алып келген.

Журналисттердин телефонун тартып алган аял милицияга жазган арызында өзүн шайлоочу деп тааныштырган. Ал байкоочулар анын уруксаты жок видеого тарта баштагандыгына байланыштуу телефондорду тартып алганын айткан. Бирок кийин кайра милиционерлер келгенде телефонду кайтарып бергендигин билдирген.

Анткен менен Абдураупова байкоочунун телефонун милиция кызматкерлери кайтарып бере электигин айтты.

Тема боюнча:

«Мен да органда иштейм». Ошто «Клооптун» кызматкерлерине кол салуу болду