Ошто алты партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

Ош шаардык кеңешине талапкер болгон «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партиялары шаарда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын айтышты.

Партиялар шайлоо «ыплас» өткөнүнө, буга тиешелүү органдар чара көрбөгөнүнө нараазы болушууда. Партиялар негизинен «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «админресурс колдонгонуна, добуш сатып алганына жана мыйзамсыз иштерге барганына» даттанышты.

«Абдан ыплас, абдан арам шайлоо өттү. Буга чейин мэрияда эки жолу жыйналыш болгон. БШКнын орун басары жана төрайым Шайлдабекованын катышуусунда. Биз ошондо эле “Ата-Журт Кыргызстан” тарабынан мыйзам бузуулар болуп атканына байланыштуу меморандумга кол коюудан баш тартканбыз. Ушундай болоорун билген болчубуз», — деди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү.

Ал эми «Улуу-Журт» партиясынын төрагасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, «тушуңуздагы биринчи шайлоо кара сыя менен башталды» деп айтты. Ошондой эле шайлоого элдин жарымы гана катышканын белгилеп, «элдин үмүтү калган эмес» деп билдирди.

«Садыр Нуркожоевич, сиз элге ишеним алып келе албадыңыз. Ал партия же бул партиядагы өгөй балдар анан бийликтин алдындагы свой балдар болуп бөлүнбөйт сиздин алдыңызда. Сиз президентсиз, бардык партиядан келген талапкерлер сиздин жарандарыңыз. Элдин жарым проценти да келбеди. Сүдүрөлүп алып келингендер гана келди», — деди ал.

Партиялар шайлоонун «ыплас өткөнүнө» калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов күнөөлүү деп, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Алар эгер талаптары аткарылбаса, нараазычылык акцияларына жана митингге чыгаарын эскертишти.


Алдын ала жыйынтык боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн. Алдыда «Ата-Журт Кыргызстан». Ал добуш берген шайлоочулардын дээрлик 49% добушуна ээ болгон. «Улуттар Биримдиги» — 17,8%дан ашты жана «Ыйман Нуру» — 8%дан ашык добуш алды. Ал эми «Ынтымак» партиясы 7%дан бир аз ашкан.