Сокулук: Шайлоочуга добуш берилип калган бюллетень берилди

Сокулук районунун Новопавловка айылында №7230 шайлоо участкасында шайлоочуга тийиштүү талапкерге добуш берилип калган бюллетенди беришти. Шайлоочунун айтымында, берилген бюллетенде №10-катарда турган Абасов аттуу талапкердин аты белгиленген.

«Клооптун» байкоочусунун айтымында, УШК мүчөлөрү бюллетенди алгач жокко чыгаргылары келген эмес, бирок жыйынтыгында акт түзүп, шайлоочуга жаңы бюллетень берилди.

Шайлоочуларга берилген сый тамак

Бишкек шаарында №1021 шайлоо участкасында белгисиз партиянын үгүтчүлөрү шайлоочуларга добуш берип чыккандан кийин «Ак-Өргө» ресторанында сый-тамак уюштурушкан. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысы Нурмайрам Таалайбекова билдирди.

«Акмак! Тартпа!»

Бишкектеги №1301 шайлоо участкасында шайлоочу добуш берүү үчүн бюллетенди алып, бирок кабинага барып добуш бергендин ордуна, эшиктин жанында турган аялга барып, ал менен кеңешкен.

Байкоочунун «бюллетенди сыртка алып чыкканга болбойт» деген эскертүүсүнө шайлоочуга кеңеш берген аял «уюштуруучу» экенин айтып, бюллетенди алып чыкса болот деп жооп берген.

«Болот, эң сонун эле болот. Тартпа, акмак. Бети жок. Жап жаагыңды!» — деп сүйлөнгөн ал.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.

Жергиликтүү кеңешти шайлоо жана референдум

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылы жазында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо бир жылдан кийин өтүп жатат.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айылдык кеңеште 7 560 депутатты шайлашат.

Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтөт. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.