«Ууру партиялар». «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуу-Журт» жана «Ишенимдин» программалары плагиат болуп чыкты

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына «Тосуп алгыла, уурулар келатат!» аталышындагы тасма жарыяланды. Анда Ош шаардык кеңешине ат салышып жаткан үч партия — «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуу-Журт» жана «Ишеним» программаларын башка жактан көчүрүп алганы айтылат.

«Ата-Журт Кыргызстан» «Реформа» партиясынан

Тасмадан скриншот

Тасмада көрүнгөндөй «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы БШКга берген программасын толугу менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан «Реформа» партиясынан көчүрүп алган. Программанын текстинин стили, мааниси, ал тургай тыныш белгилери да куюп койгондой окшош.

Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» «көчүрүлгөн» программасында «Реформанын» эн белгиси болгон «#Реформа» сөзүн да алып койгон эмес.

Мындан улам тасманы баяндап берген блогер Асылкан Кубанычбекова аталган партияны «экичи жана ууру» деп атады. Ошондой эле, ал коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстанды» колдогондор негизи «Реформа» партиясына каршы деп кошумчалады.

«Бул партияны колдогондордун эң жек көргөн душманы бул “Реформа” партиясы да. А бирок Ош шаарындагы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын талапкерлери партиянын планын толугу менен көчүрүп алышыптыр», — деди ал.

«Ата-Журт Кыргызстанды» Ош шаардык кеңешине талапкер болгон беш партия буга чейин админресурс колдонууга жана добуш сатып алууга айыптаган болчу. Негизинен партиянын көпчүлү бөлүгүн мамлекеттик кызматкерлер түзөт. Ошондой эле алардын көпчүлүгү буга чейин «Биримдик» партиясы менен шайлоого катышкан. Партия коомчулукта «бийликчил» деп аталып, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылат. Анткен менен Ташиев бул маалыматты четке кагып келет.

«Улуу-Журт» орусиялык «Справедливая Россия» партиясынан

«Атат-Журт Кыргызстан» программаны башка жактан уурдап алган жалгыз партия эмес — экинчи катарда Оштогу «Улуу-Журт» партиясы да бар. Аталган партия да программасын орусиялык «Справедливая Россия» партиясынан толук көчүргөн.

Программалардагы абзацтардын бөлүнүшү, шрифттердин белгилениши да куюп койгондой окшойт.

«Орун алмаштыруу же өзгөртүүсү да жок. Ушундай жалгандар чыккандан кийин “алар өздөрү ойлоно алышпайбы? Сөзсүз эле бирөөдөн уурдап көнүп калышканбы?” деген ой кетет экен», — дейт блогер Кубанычбекова.

Буга чейин «Улуу-Журт» партиясынын үстүнөн дээрлик даттануу түшкөн эмес. Партиянын 11 пайызын мамкызматкерлер түзөт. Ал эми талапкерлердин 69 пайызы жумушсуз деп катталган.

«Ишеним» жана «Алма-Ата шаарын өнүктүрүү»

Маалым болгондой, Ош облусунун губернаторуна таандык деп аталган «Ишеним» партиясы өз программасын Казакстандын Алма-Ата шаарын өнүктүрүүгө багытталган 2020-жылдагы пландан көчүрүп алган. Анда болгону Алма-Ата шаарынын орду Ош шаарына өзгөргөн.

«Ишеним» партиясы 2011-жылы 11-октябрында түзүлгөн. Анын түзүүчүсү катары 10 киши көрсөтүлгөн. Алардын арасында Жарасул Абдураимов да бар. Анткен менен, буга чейин «Ишеним» партиясы да, Жарасул Абдураимов да бир да шайлоого катышкан эмес.

Өлкөдө бүгүн, 11-апрелде, 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өтүп жатат. Ал эми Ош шаардык кеңешине 9 партия ат салышууда.