Бишкекте медиктерге болгон басым боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Бактыгүл Исмаилова

Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилованын медицина кызматкерлерине кысым көрсөтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Буга чейин Исмаилова добуш берүүгө келген кишилердин санын көбөйтүү максатында медиктерден шайлоо участкаларына келишин талап кылганы белгилүү болгон.

Милициядан билдиришкендей, аталган факты Ленин райондук ИИБи КЖБРге каттап, Жоруктар жөнүндөгү кодекстин «Административдик ресурсту кыянат пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Медиктерди добуш берүүгө мажбурлаган

№17 ҮДБнун башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекованын айтымында, буга чейин Исмаилова референдумда добуш берүү үчүн медиктерге кысым кылганын билдирген. Башкы дарыгердин айтымында, ар бир эки саат сайын WhatsApp топто дарыгерлерден добуш берүүгө барып-барбаганы боюнча отчёт берүүсү талап кылынган.

«Бул таптакыр биздин милдетибизге кирбейт. Биз медициналык жардам көрсөтөбүз, диагноз коёбуз, дарылайбыз. Шайлоого баруу же барбай коюу — бизге таптакыр тиешеси жок. Ал ар бир медиктин өзүнүн иши. [...] Бул тууралуу эч кандай буйрук жок. Ал бизге көрсөтмө берүүгө укугу жок», — деди Ташыбекова.

Исмаилова өз кезегинде ал эч кимге кысым кылбаганын, болгону ар бир адамды өз жарандык милдетин аткарууга чакырганын билдирди.

«Медиктер ар бир добуш көп нерсени чечерин билишет. Азыркы учурда эч кимди зордоп добуш бердирте албайсың? Эч ким эч кимди кыстаган жок. Ооба, чындыгында эле биз шайлоо участкаларына барып, добуш бергендердин санын камсыз кылып берүүнү суранабыз. Бишкек адаттагыдай эле добуш бергендердин саны боюнча аз көрсөткүчтөрдү берет. Ошондуктан, биз, медик катары өз жарандык милдетибизди көрсөтүшүбүз керек [...] Мен тигил же бул партияга добуш бергиле деп үгүт кылган жокмун. Бирок тийиштүү добуш бергендердин санын камсыз кылып берүү үчүн медициналык кызматкерлерден шайлоого келип беришине чакырууга укугум бар», — деп ал белгиледи.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн. БШК билдиришкендей, референдум өттү. 11-апрелде саат 20:30га карата добуш берүүгө келгендердин саны 35,9%ды түздү — референдум өттү деп таанылыш үчүн шайлоочулардын 30%ы катышуусу керек.

Алдын-ала маалыматтарга караганда (АСУдан келип түшкөн маалыматтардын 90%ы иштелип чыккандан кийин): Конституцияны өзгөртүүгө макулдугун 79, 31% шайлоочу билдирсе, 13,65% кыргызстандыктар каршы болушкан.

Тема боюнча: Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы — түз эфир