Путин: Мектептерде мигранттардын балдары окуучулардын белгилүү пайызынан ашпаш керек

Владимир Путин Орусиядагы мектептерде окуган мигранттардын балдарынын саны жалпы окуучулардын белгилүү бир пайызынан ашпаш керек деди.

Путин өз сунушун «мигранттардын балдары үчүн да пайдалуу болот», «орусиялык үй-бүлөлөрдүн да тынчын албайт» деп негиздеди.

«Биздин мектептердеги мигранттардын балдарынын саны аларды формалдуу эмес, иш жүзүндө Орусиянын тил чөйрөсүнө терең көнүп кетишине жол бергидей болушу керек. Бирок бир гана тил эмес, жалпы эле маданиятка дагы жуурулушуп, алар биздин орус баалуулуктарыбызга сүңгүп киргидей болууга тийиш», — деп баса белгиледи президент.

Анын айтымында, АКШда жана Европанын айрым өлкөлөрүндө мигранттардын балдары жалпы окуучулардын санынын белгилүү пайызын ашканда, жергиликтүү тургундар өз балдарын бул мектептерден алып кетип калышат.

«Биз да мындай тажрыйбаны эске алып, Орусияда ушундай кырдаал түзүлүп калышына жол бербешибиз керек», — деп Путин Улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин отурумунда айтты.

Видео: «РИА Новости» маалымат агенттиги

Мындан кийин, Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов анын мекемеси мигранттардын балдары үчүн индивидуалдык билим муктаждыктарын баалоонун атайын системасын даярдап жатканын билдирди. Ал бир класста мигранттардын балдарын окуучулардын 10-20%ынан ашырбоого чакырды.

«Гражданское общество (Жарандык коом)» комитети мындай жаңы эрежелер бүткүл өлкө боюнча көптөгөн балдардын мектепте окубай калышына алып келиши мүмкүн деп билдирди.

1-апрелден тартып Орусияда балдарды мектепке кабыл алуунун жаңы эрежелери кирди. Мындан ары мектеп администрациясы балдардын каттоосун ИИМ базасы аркылуу аныктап, бала Орусиянын аймагында жүрүүгө укугу бар-жогун чечет.

Социолог, Экономика жогорку мектебинин Социалдык саясат институтунун жетекчиси Екатерина Деминцева Би-Би-Си радиосунун орус кызматына Орусиянын чоң шаарларында «мигранттык» делген мектептер ачылганына көп болуп калганын айтып берди.

Ошол эле кезде, мындай мектептерде мигранттардын балдары окуучулардын көпчүлүгүн эмес, 10-15% гана түзгөнүн баса белгиледи.

«Мектепте Орто Азия жана Кавказдан бир нече эле бала пайда болуп калса, жергиликтүү балдар “мигранттардын балдары каптап кетти” деп айтып башташат», — деп белгиледи Деминцева.

Орусия ИИМинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январь айынан июнга чейин өлкөдөгү миграциялык каттоодо болжол менен 380 миң Кыргызстандын жараны болгон. Аны менен катар Орусияда туруктуу иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңге чукул. Мигранттардын балдары менен ата-энелерин эске алганда алардын жалпы саны миллиондон ашат.