Дары-дармек жана медкаражаттарды экспорттого тыюу салынды. Тыюу жарым жылга созулат

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү токтомго өкмөт башчысы Улукбек Марипов кол койгону жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Экспортко салынган тыюу жарым жылга созулат. Министрлер кабинетинде билдиришкендей, «өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө» үчүн ушундай чаралар көрүлдү.

Тыюуга 70тен ашуун дары-дармектин түрү жана 60тан ашуун медициналык каражаттар кирди. Амоксициллин, гепарин, дексаметазон, ибупрофен, цефтриаксон сыяктуу дарыларды, рентген аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана жеке коргонуучу каражаттарды өлкөдөн ташып алып чыгууга болбойт.

Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлоо тапшырмасы берилди.