«Клооп» шайлоодогу мыйзам бузуулардын базасын жарыялайт

11-апрель, жекшемби күнү өлкө боюнча жергиликтүү кеңештердин шайлоосу жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Дээрлик бардык шайлоо участокторунда «Клооптун» 3 миңге чукул байкоочусу шайлоо процессине көз салды.

Биз Кыргызстан боюнча шайлоо участкаларында 800дөн ашуун мыйзам бузууну каттай алдык. Алардын арасында АСУлардын иштен чыгып калышы, аларды туура эмес колдонуу, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн мыйзам бузуулары эң көп катталган.

Буга кошумча, биздин байкоочулар участканын сыртындагы үгүттөө, шайлоочулардын жеке маалыматтарын топтоо жана добушун сатып алуу фактыларына күбө болушту.

Бул мыйзам бузуулар менен жосунсуз жоруктардын бардыгын биз түз эфирде ыкчам жарыяладык. Аларды азыр да көрсөңүз болот. Бирок адилеттүүлүктү орнотуу үчүн булар жетишсиз.

Алардын көбү боюнча биз юристтер менен бирге арыздарды жаздык. Арыздарды алгач аймактык шайлоо комиссияларына, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырабыз.

Сиз да катарыбызга кошула аласыз

Сиз да калыстыкты, адилеттикти талап кыла алышыңыз үчүн, биз маалымат базабызды ачык жарыялайбыз! Биздин базада өлкөнүн жети облусу боюнча жүздөгөн мыйзам бузуулардын далилдери топтолгон. Бул база такай толукталып турат.

Сиз биз менен биргеликте ачык-айкын шайлоо үчүн күрөшүп, АШК жана БШКга даттана аласыз. Алар бул мыйзам бузууларды териштирип, анын ар бири боюнча жооп берүүгө милдеттүү.

Базаны көрүү

Кимдер арыз бере алат?

Арызды партиялар, талапкерлер, участкаларда катталган шайлоо штабдары же байкоочулар бере алат.

Сиз АШКлардан жана БШКдан мыйзам бузууларды карап чыгышын жана дагы башка көптөгөн нерселерге көңүл бурууну талап кыла аласыз. Мисалы, бюллетендер тутамдап ташталган участкаларда добуштарды кайрадан эсептөөнү талап кылса болот. Ошондой эле, шайлоо участкаларынын айрым калыс эмес мүчөлөрүнүн үстүнөн да арыздана аласыз — аларга сөгүш жарыяланышы мүмкүн.

Ал эми УШК мүчөлөрүнүн аракеттери мыйзамсыз болуп, алар алдамчылыкка барышкан болсо — ал комиссиянын таркатылышын талап кыла аласыз. Бул учурда алар кийинки шайлоодо иштей албай калат жана келечекте шайлоо процесси ачык-айкыныраак болот.

Мунун үстүнө, добуш сатып алуу, бюллетендерди тутамдап үкөктөргө салуу жана башка олуттуу мыйзам бузуулар байкалган шайлоо участкаларында шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кыла аласыз.

Мен жөнөкөй эле бир жаранмын. Мен да сиздин базаңыз аркылуу арыздана аламбы?

Эгерде бул учурлардын кайсы бири сизге тикелей тиешелүү болсо жана укугуңуз бузулса — мисалы, сүрөттөгү чектердин бири сизге тиешелүү болсо, доо арыз менен кайрылсаңыз болот. Аны тез арада, электрондук формада же АШКга барып кат түрүндө арыз жазсаңыз болот.

Бирок, сиз бардык мыйзам бузуулар боюнча арыздарды тапшыра албайсыз, анткени алардын баары сизге түздөн-түз түрдө тиешеси жок.

Бул ишке ашабы?

2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо дагы биздин байкоочулар жүздөгөн мыйзам бузууларды катташкан. Андагы бузуулар деле көбүнесе АСУлардын иштен чыгуусу менен добуш берүү купуялыгына байланыштуу болгон.

Ошол президенттик шайлоодо биз өлкө боюнча 210 участокто «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзам одоно бузулганын аныктаган элек. Аларга байланыштуу юристтерибиз өлкө боюнча 40 аймактык шайлоо комиссиясында 40 арыз беришкен.

БШК Ош шаарында болгону бир участокто шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган, бирок башка участоктордо УШКлардын айрым арам ойлуу мүчөлөрү мындан аркы шайлоолордо иштөө укугунан ажыратылып, дагы башкаларына сөгүш жарыяланган.

Ал убакта байкоочуларыбыз каттоого алган мыйзам бузуулар боюнча биз өзүбүз гана арызданган элек. Бирок учурда сиз биздин катарыбызга кошулуп, сиз да акыйкаттыкты талап кыла аласыз. Эгер катарыбыз калың болсо, анда шайлоолордо ачык-айкындык болушуна жетише алабыз.