Новиков ала качууну адам уурдоого теңөөнү сунуштады

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков 12-апрелде аялдарга жана жаш балдарга карата зомбулук маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

«Айзада аттуу жаш кыздын кайгылуу окуясы эч кимди кошкөңүл калтырган жок. Тилекке каршы, бул окуя жалгыз эмес. Акыркы мезгилде жаңылыктардан мектеп окуучулары ортосундагы мушташ, жашы жете электерди зордуктоо, үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон аялдар, балдар ичиндеги жанын кыйгандар тууралуу окуп жатабыз. Бул жаңылыктар согуштагы маалыматтарды элестетет», — деди ал.

Новиков «ала качуу окуялары адам уурдоо катары кабылданышы үчүн мыйзамды катаалдаштыруу зарыл» деп билдирди.

Ошондой эле, ал патрулдук милиция бюроктратияны кыскартуу менен мындай окуяларга ыкчам жооп кайтарышы үчүн «Коопсуз шаар» камералары боюнча адамдарды уурдоого карата жооп кайтаруу алгоритмин иштеп чыгууну тапшырды.

Андан тышкары, Новиков аялдарга жана балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү керектигин билдирди.

«Биз бул фактылар боюнча тараптардын элдешүүсү артында жоопкерчиликтен качуу практикасынан кайтуубуз зарыл», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Новиков үй-бүлөлүк зомбулук үчүн административдик камоолордун мөөнөтүн жогорулатып, ошондой эле балдарга убактылуу камкордук көрүүнү расмий тариздөөсүз 30 күндөн ашуун мөөнөткө жарандардын өлкөдөн чыгуусуна да тыюу салууга чакырды.

Бул жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Азиза Солтонбекова жаш балдар арасында өз өмүрүнө кол салган учурлар көбөйүп жатканына токтолду. Анын айтымында, 2020-жылы 98 бала өз өмүрүн кыйган — 2019-жылы 48 учур катталган болчу.

2021-жылдын I кварталынын жыйынтыгында, үй-бүлөлүк зомбулуктун 1463 жана балдарга карата зомбулук көрсөтүү жана катаал мамиле жасоонун 129 учуру катталган.

Айзада Канатбекованы уурдоо жана өлтүрүү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 7:00де уурдалган. Кызды ала качуу видео-байкоо камераларына жазылып калган. Видеодо кыздын жанына бир киши келип, аны күчкө салып автоунаа жакка жетелеп кеткени көрүнүп турат. Кийинчерээк кыздын жанына дагы эки киши келип, кызды күчкө салып мала кызыл түстөгү «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаага отургузушкан. Унаа белгисиз жакка жөнөп кеткен.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасын байкаган. Чакыруу жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Автоунаанын ичинде кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип каза болгон.

Криминалдык милиция кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан төрт шектүүнү кармаган. Шектүүлөр Бишкек шаардык ИИББнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында жүздөгөн адам митингге чыгып, ала качууга дуушар болгон кызды тирүү кезинде табуу үчүн жетиштүү чара көрбөй койгон ИИМ министрин жана Бишкек ШИИББдин башчысын отставкага кетирүүнү талап кылышкан.Арадан эки күн өткөн соң, ИИМ Айзада Канатбекованын уурдалганына өз учурунда чара көрбөй койгон милиция кызматкерлерине карата милдеттерин так аткарбаганы үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн маалымдаган.

Кызматтык иликтөөнүн натыйжасында 12 милиционер бошотулуп, 27 кызматкерге кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү берилип, дагы беш кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган.Ошондой эле прокуратура Биринчи май РИИБнин кызматкерлерине карата «Шалаакылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Бирок ИИМ башчысы кызматынан кеткен жок.