Ош: COVID-19 аныкталган окуучулар вирусту үйүнөн жуктурушканы айтылды

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Егор Алеев/ТАСС

Ош шаарында «Жетиген» жана «Олимп» мектептеринде окуган эки окуучудан COVID-19 аныкталды. Алар бир туугандар.

Шаардагы саламаттык сактоо координатору Кыялбек Ташболотов «Клоопко» билдиргендей, балдар коронавирусту ата-энесинен жугузган. Окуучулар симптомдор башталганда сабакка келбей турушкан.

«Олимп мектебинде жана Жетигенде окуган бирден окуучудан тастыкталды. Жетигенде окуган дагы бир бир тууганы контакт болгон. Ошондуктан 3 бир тууган окуган класстарды 2 жумалык үй карантинине алдык. Окуучулар онлайн окуп турушат», —деди Ташполотов.

Ошондой эле ал, окуучулар менен байланышта болгондордун баарынан анализдер алынаарын кошумчалады. Учурда оору жуктурган балдардын абалы жакшы.

Ош шаарында мектептер кадимки тартипте иштеп жатат. 13-апрелде өлкөдө карата коронавирустун 227 учуру катталып, төрт бейтап каза болду.