Видео: Араванда эки унаанын ортосунда калган кыз реанимацияга түштү

Ош облусунун Араван районунда 26 жаштагы кыз эки унаанын ортосунда калып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Басма сөз катчы Жеңиш Аширбаевдин маалыматына ылайык, 12-апрель күнү түшкү саат 11:30дар чамасында белгисиз киши «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаасы менен карама-каршы жолдо бара жатып жол четинде токтоп турган «Хюндай-Портер» унаасын сүзгөн.

Анын кесепетинен жолдон өтүп бараткан кыз эки унаанын ортосунда калган. Сүзүп алган айдоочу унаасын таштап качып кеткен.

Соцтармакта тараган тасмадан унаанын катуу ылдамдыкта келе жатканын, ал эми кыз качууга аракет кылып бирок үлгүрбөй калганын көрүүгө болот.

Араван райондук ооруканасынын башчысы Усманжан Мамажанов «Турмуш» басылмасына билдиргендей, кыздын бир буту майдаланып кеткен. Учурда анын абалы туруктуу оор.

«Көп кан жоготкон. Бардык медициналык жардам көрсөтүлүп, кан куюлду. Азыр травмалык шок абалында», — деди Мамажанов.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кызды жана унааны сүзгөн айдоочу изделип жатат.