Ош: Окуучулардан коронавирус аныкталгандыктан эки мектеп аралыктан окутат

Ош шаары

Ош шаарындагы «Жетиген» жана «Олимп» мектептери 15-апрелден тарта эки жумага карантинге жабылды. Окуучулар билим алууну онлайн улантышат. Мындан бир күн мурун аталган мектептин бирден окуучусунан COVID-19 аныкталган.

«Мындай чечим Ош шаарынын мэриясына караштуу эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө кырдаал комиссиянын отурумунда кабыл алынды. Адистер оорунун жайылышынын алдын алуу максатында мектептерди жабууну туура көрүштү», — дейт Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Буга чейин коронавирус аныкталган окуучулар окуган мектептин класстары карантинге алынгандыгы айтылган. Ошондой эле, илдетти жуктургандар бир туугандар экендиги белгилүү болгон. Алар илдетти ата-энесинен жугузган. Окуучулар симптомдор башталганда сабакка келбей турушкан.

Оору жуктурган балдардын абалы жакшы деп бааланууда. Окуучулар менен байланышта болгондордун баары коронавируска текшерилет.

14-апрелге карата өлкөдө COVID-19дун жаңы 240 учуру катталды. Анын ичинен бешөө Ош облусунда аныкталды. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 90 839га жетти. Ал эми оорудан 86 313 бейтап айыгып, 1 534 киши көз жумду.