Президент Садыр Жапаров Бишкек баатырдын айкелинин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде калаа борборунда Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземине катышты. Жапаров сүйлөгөн сөзүндө шаардын тарыхында маанилүү окуяга күбө болуп жатканын, себеп дегенде баатырдын кыргыз жерлерин баскынчылардан бошотууда эмгеги зор экенин айтты.

«Кыргызда „арбагы бийик, арбагы тирүү“ деген илгертен келаткан ата сөзү бар эмеспи. Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон ошондой касиеттүү адамдардан болгон экен десем, сөз чындыгынан бузулбас. Анын ысымы кылымдан кылымга үзүлбөй угулган санжыргалуу аңыз катары эле айтылып тим болбостон, адегенде Сары-Өзөн Чүйдүн боорундагы укумдай жер атына айланып, ал эми ХХ кылымда мамлекетибиздин саясий борборунун аталышы болуп калды», — деди ал.

Жапаров калаанын көркүн арттыруу үчүн албан иш-аракеттер жүрүп жатканын белгилеп, жарандарды шаардын тарыхый эстеликтерине аяр мамиле кылууга чакырды.

Бишкек баатырдын эстелиги Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан.

Эстелик колодон жасалган, монументтин бийиктиги үч метрден ашат, пайдубалы 1,5 метр. Айкелди жасоого 8 миллион сом сарпталган — ал каражатты «Бишкек баатыр» бирикмеси марафон учурунда чогулткан.

Эстеликтин тургузулушунун өзү биринчи күндөн тарта эле шаардыктардын сын-пикирлери жана талаш-тартыштары менен коштолгон. Элдин көбү Бишкек баатыр ойдон чыгарылган каарман экенин, андай баатыр эч качан болбогонун айтышкан.

«Билишимче, Бишкек баатыр ойдон чыгарылган — уламыштарга каарман болгон бир кейипкер. Күлкүңдү эле келтирет, эстеликти тургузууга жооптуулар эмнени карап жатышат?» — деп шаардык тургун 24.kg басылмасына билдирген.