Айыл өкмөттү басып алган аялдар Марипов менен сүйлөшкөндөн кийин имараттан чыгышты

15-апрель күнү таң атпай нааразылык акциясына чыгып Пригородное айыл өкмөтүнүн ичинде өрттөнөбүз деп коркуткан аялдардын тобу имараттан чыгарылды. Алардын бир нечеси премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугуп, сүйлөшүү жүргөнү айтылууда.

Алар насыяларын убагында төкпөгөнү үчүн үй-жайынан ажыраганына нааразы болуп, өлкөдө кредиттердин үстөк пайыздары өтө жогору экенин айтышкан.

Алар айыл өкмөтүнүн имаратынан чыккандан кийин, Марипов алардын талаптарына байланыштуу бардык компетенттүү органдардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү убада кылганын журналисттерге айтып беришкен.

«Былтыртан бери нааразычылыктарды билдирип келдик, акыры ушуну кылдык. Сиздерди сарсанаа кылганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Биз өз талаптарыбызды койдук, аткарылат деп ишенебиз. Насыя дегенди жоюшсун, ставкаларды азайтсын, финансылык кул болуп келдик. Насыябызды жокко чыгарышсын. Кредит боюнча бир жылга каникул беришсе жеңил болот эле», — дешти алар Sputnik басылмасына.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев билдиргендей, аялдар имаратты басып алганы үчүн жоопкерчиликке азырынча тартылбайт. Бардык маселелер 17-апрелде министрлер кабинетинин жетекчиси менен жолуккандан кийин чечилет.

Эмне болду эле?

15-апрелде болжол менен таңкы саат 6:00да Аламүдүн районунун Пригородное айылынын айыл өкмөтүн аялдардын тобу басып алган. Алардын колунда баллондор, канистра жана бензин бар — аялдар өрттөнөбүз деп коркутушкан.

Kaktus.media басылмасынын маалыматы боюнча, аялдар айыл өкмөтүнүн имаратынын ичинде бекинип алып, эч кимди киргизбей жатышкан. Аларга тилектеш болуп, имараттын тышында турган аялдар журналисттерге жумушсуздуктун айынан алган насыяларын кутула албай жаткандыктан айыл өкмөтүн басып алууга жана өрттөнөбүз деп коркутууга аргасыз болушканын түшүндүрүшкөн.

«Биз үч күн Ак үйдүн, Өкмөттүн алдында турдук. Эч ким чыккан жок. Кыргыздын бир жигити чыгып, “Энелер, кайсы көйгөй менен келдиңер” деп сурап коюшкан жок. Кээ бирлерибиз үйлөрүнөн ажырап калды, азыр [кредиторлор] үйүбүздөн кубалап жатышат», — деп нааразылык акциясына катышкандардын бири Райхон Мусаева журналисттерге айтып берген.

Ал, айыл өкмөттү басып алган аялдар сыяктуу «Жети дубан» уюмунун өкүлү болуп саналат.

Кийинчерээк айыл өкмөтүнүн имаратына өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Аламүдүн районунун акими жана башка жетекчилер келип, терезе аркылуу баскынчылар менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок баскынчылар алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып, премьер-министрдин келишин талап кылышкан.

Окуя болгон жерге ӨКМдин жана милиция кызматкерлери келген. Айыл өкмөтүнүн имараты курчоого алынып, ичкериге эч ким киргизилген эмес.

Бир аздан кийин баскынчылар менен сүйлөшүүгө вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков келген. Сүйлөшүүлөрдөн кийин, ал эки аял менен бирге премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушууга кеткен деп билдирилген.