Ферганада үч өлкөнүн чек арага чектеш облустарынын башчылары жолугушат

Сүрөт: Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү

Өзбекстандын Фергана шаарында 22-апрель күнү Баткен, Согди жана Фергана облустарынын башчылары жолугат. Ага Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Согдинин аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баш болгон делегация барат.

Иш-чара негизинде «Чек ара аймактарын интеграциялоо — өнүгүүнүн кепилдиги» деген аталышта форум өтөт. Анын алкагында өнөр-жай жана айыл чарба жаатында кызматташууга арналган B2B жана G2B форматындагы аянтча уюштурулат.

G2B — бизнести колдоо жана өнүктүрүү максатында аткаруу бийлиги менен коммерциялык түзүмдөрдүн онлайн режиминде өз ара аракеттенүүсү үчүн программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. B2B — Компания же компаниянын бөлүмү өз товарларын/кызматтарын башка компанияларга сатышы.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр-жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышат жана Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн азык-түлүк көргөзмөсүнө катышат.

Мындан сырткары үч облустун башчылары чектеш аймактарда карым-катнашты бекемдөө, соода-сатык, экономикалык, маданий жана башка алакаларды чыңдоо боюнча сүйлөшүшөт.