Кадамжай. Жеке тараптарга мамлекеттик мүлк мыйзамсыз берилип кеткен

Башкы прокуратура Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы текшерүүдөн кийин, мамлекеттик мүлк жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткенин аныктады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

«Кадамжай-Коммунальщик» мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон 30 батир, 0,10 жана 0,15 га түзгөн эки жер тилкеси ушул эле ишкананын жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жеке жактарга мыйзамсыз менчикке берилген. 

«Аталган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу менен жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен. Бул объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздар киргизилди», — деп кабарлады Башкы прокуратура.

Ошондой эле, тиешелүү кызмат адамдардын аракетине баа берүү үчүн «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары башталды.