«Клооп» One World Media Awards сыйлыгынын лонг-тизмесине кирди

«Клооп» Британиянын абройлуу One World Media Awards сыйлыгынын лонг-тизмесине кирди.

Бул премия менен көйгөйлөрдү, «Глобалдык түштүктүн» кеңири тарабай калган окуяларын, «стереотиптерди бузуп жана ар кыл маданияттагы адамдардын башын бириктирүүнү» чагылдырган ЖМКлар сыйланат.

«Клооп» да «Special award» категориясындагы сыйлыкка көрсөтүлүүдө. Бул наамга «Глобалдык түштүктө» социалдык, маданий, саясий жана экономикалык маселелерди көтөргөн көз каранды эмес ЖМКлар ат салышса болот.

«Ар бир категориянын финалга жеткен номинанты кийинки айда жарыяланат, ал эми жеңүүчүлөр 2021-жылдын 17-июнунда сыйлык тапшыруунун онлайн салтанатында тааныштырылат», — деп белгилешет сыйлыктын уюштуруучулары.

Алардын маалыматы боюнча, быйыл билдирмелердин рекорду жаңыланган — уюштуруучулар 96 өлкөдөн 500 ишти кабыл алышкан.

«Премия коомчулукту кабардар кылган, жергиликтүү элдин үнүн угууга мүмкүндүк берген, өтө маанилүү маалыматтар үчүн мейкиндик жараткан жана колунда бийлиги барларды жоопкерчиликке тарткан алгылыктуу репортаждарды барктоо жана сыйлоого багытталган», — деп айтылат сыйлыктын баяндамасында.

* «Глобалдык түштүк» — Түндүк менен Түштүк ортосундагы “глобалдык ажырым” деп аталган чек аранын бир тарабында жайгашкан, киреше деңгээли төмөн болгон өлкөлөрдү белгилөө үчүн колдонулган термин. Кызыл түс менен Түштүк өлкөлөрү көрсөтүлгөн: