Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбековага байланыштуу коллаждык сүрөт. Коллаж: «Азаттык» үналгысы

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө айыпталган Замирбек Теңизбаев тарабынан эки жыл мурун эки кыз кордолгону маалым болду. Алардын бири «Азаттык» үналгысына маек куруп, Теңизбаев аны муунтканын жана курбу кызын зордуктаганын айтып берди.

Маек курган Айгүл (ред — аты-жөнү өзгөртүлгөн) 30 жашта, Ош облусунда төрөлгөн. Учурда Орусияда эмгек мигранты катары иштеп, жашап жүрөт. Ал «Азаттыкка» жазган кайрылуусунда милицияга арыз жазганы менен Теңизбаев учурунда жоопко тартылган эмес деп билдирген.

«“Бул оорулуу экен” деп жыйынтык чыгаргам»

Азыркы тапта Москвада иштеп жүргөн Айгүл 2019-жылдын май айында Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичирайонундагы квартиралардын бирине курбу кызына барган. Ошол жерден ал күтүлбөгөн жагдайда Замирбек Теңизбаев менен кездешкен жана анын кордугун көргөн.

«Бул бала менен жеке тааныштыгым жок. Зайнал деп уккам. Курбу кызымдын үйүнө конокко баргам. Үйдө курбумдун сиңдиси менен отурганбыз. Кечинде курбум кызуу болуп келди. Мен аны жуунтуп жаткырып койдум. Анан эле бирөө анын артынан эшикти такылдатып, үйгө кирүүгө аракет кылды. Мен чочулап каалганы ачпай койгом. Болбой эле эркек киши эшикти жулуп кирип, дароо эле мени муунтту. “Өлтүрөм сени, рожаң противный, бешинчи кабаттан ыргытып жиберем” деп балконго алып чыгып коркутту. Орозо маалы болчу, Бишкекте ШОСтун (ШКУнун) саммити өтүп жаткан. Курбум эч нерсе сезбей уктап жатты. Тиги (Зайнал — Замирбек) анын сиңдисине да асылып, аны да коркута баштады. “Бул эч нерсени түшүнбөйт экен, оорулуу экен” деп өзүмчө жыйынтык чыгарып, алдап-соолаганга аракет кылдым. Мени муунтуп, мойнумдагы алтын чынжырымды үзүп, алтын менен телефондорума чуркап, аракет жасады... Мен араң өзүмө келдим. “Жакшынакай бала экенсиң, эмнеге минтип жатасың? Кайсы жактан болосуң, Алайдан болсоң, жердеш турбайбызбы”, деп алдап, аны тиги курбумдун жанына жаткырып койгом. Ошондо саат түнкү 3-4 болчу. Аны менен эки сааттай кармаштык», — деп айтып берген Айгүл.

«“Бул бир күнү бирөөнү өлтүрүп коёт” деп эле жаттым»

Айгүл ошол замат милиция чакырганга аракет кылган, бирок, ал ошол эле маалда «милиция жеткиче өлтүрүп коёт го» деп чочулаган. Эртеси эртең менен Бишкектин Октябрь РИИБисинин кызматкерлерин чакырган.

«"Милицияга чалам" десем ал мени огобетер жинденип муунткан. Жарым сааттай муунтуп, коркутуп, эрмектеп жатты. Мени муунтуп жатканын курбумдун сиңдиси телефонго видеого тартып алыптыр. Анан ал уктаганда, тааныш балага телефондон жаздым. Ал “милицияга арыз жаз” деди дароо. Эртең менен турганда карасам, уктап жатыптыр. Ошол жерден аны сүрөткө тартып алдым да милиция чакырдым. “Бул бир күнү бирөөнү өлтүрүп коёт” деп эле жаттым. Милиция келген. Мен ары жагын түшүнбөйм. Эшиктен качып кеткенби, же аны кармашкан эмеспи, же коё берип коюшканбы — белгисиз. Бишкектин Октябрь РИИБүнө барып арыз жаздым. Соттук-медициналык экспертизадан өттүм. Тергөөчүлөр мени шылдыңдап коюшту. “Сен өзүң себепкерсиң. Бул айып пул төлөп коёт. Кармалса, 1-2 айга эле камалат” деп ар нерсени айтышты. Аябай көңүлкош мамиле кылып коюшту. Абдан ыза болдум. Өзүм шок болуп жүрөм. Моюнумдун баары кызыл ала так болгон. Ошондон кийин бир-эки айдын ичинде эле Москвага кетип калдым», — деп түшүндүргөн ал.

Айгүл ошондой эле ошол 2019-жылдын майында эле Замирбек Теңизбаевдин коркунучтуу адам экендигин милиционерлерге эскерткенин мындайча эскерди: «Тергөөчүлөргө айткам: “Бул оорулуу адам, карагыла муну, издеп тапкыла! Бүгүн мени муунтса, эртен бирөөнү өлтүрөт! Силер адам өлгөндө карайсыңарбы?” десем, милиционерлер “Сени өлтүргөн жок да” деп кайра шылдыңдап жатышпайбы... Ошондо “Силер карабасаңар, бул бир күнү бирөөнү өлтүрүп коёт” дегем».

Айгүлдүн айтымында, окуядан кийин ал Москвага кетип калганда курбусу салып, «эмне кылайын, тергөөчүлөр чалып жатышат» деп сураган. Ошондо курбусу жолдошу менен элдешип жатканын айткан экен. Мындан улам Айгүл «эгер кааласаң, тосмо арыз жаз» деп уруксат бердим дейт.

Айзаданын өлүмүнөн кийин Айгүл Замирбек Теңизбаевди таанып, Бишкектеги курбусуна байланышып, аны менен сүйлөшкөн. Курбусу Теңизбаев аны үч жолу зордуктаганын айтып берген: «Курбум “мени үч жолу зордуктаган. Кудайдан "өлүп калса экен" деп тилечүмүн. Мени коркутчу. Коркконуман сага эч нерсе айткан эмесмин” деп жатпайбы...»

Айгүлдүн атынан "Зайнал" аттуу адамдын үстүнөн жазылган арыз, анын негизинде Замирбек Теңизбаевди суракка алуу протоколу, кийин тосмо арыздын негизинде иштин жабылганы тастыкталды.

Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Айбарчын Батырбекова «Азаттыкка» берген интервьюсунда ырастаган.

«Аталган факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 65-беренеси (токмоктоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө арызданган жаран сотко чейинки өндүрүштү токтотуу өтүнүчү менен тосмо арыз жазып, кайрылган. Ушуга байланыштуу процесстен тышкары жагдайлардын негизинде сотко чейинки өндүрүш токтотулган», — деди Батырбекова.

Айзада Канатбекованын Балыкчы шаарында жерге берилиши. Сүрөт: Айбек Бийбосунов/«Азаттык»

Айзада Канатбекованын өлүмү

Айзада Канатбекованы Бишкек шаарынан 5-апрель күнү таңкы саат 7де уурдап кетишкен. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери белгисиз үч адам Канатбекованы кызыл түстөгү «Хонда» унаасына күч менен отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткенин аныкташкан.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасын байкаган. Ал милиция кабар берген, жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Ошондой эле кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Канатбекованын жакындары милициянын ишине нааразы. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлери убагында реакция кылган эмес жана кайдыгерлик кылып коюшкан деп айыпташууда.

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ИИМдин 44 кызматкери жазаланган. Ээлеген кызматынан ИИМдин түзүмүндөгү 12 жетекчи жана бир катар кызматкерлери бошотулган. Алардын арасында Бишкек ШИИББдин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов бар.

Ал эми 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алып, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган. Эки жыл мурун ала качууга кабылган Бурулай Турдалы кызы каза тапкан. Анын өлүмүнө мажбурлап никеге тургузууну каалаган Марс Бөдөшөв күнөөлүү деп табылган. Ал соттун чечими менен 20 жылга кесилген.

Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Тема боюнча: «Тергөөчү “сарсанаа болбогула, той жейсиңер” деп айткан». Айзаданын жакындары милицияга нааразы