Бишкек ШИИБи: Уурдалган Айзада Канатбекова футболка менен муунтулган

Ош шаары. Айзада Канатбекованын урматына өтүп жаткан митинг. Сүрөт: Kloop.kg

Бишкек шаардык тергөө тобунун башчысы Нурлан Утемисов маркум Айзада Канатбекова футболка менен муунтулуп өлтүрүлгөнүн айтты. Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча футболка аны уурдаган Замир Теңизбаевге таандык. Ал эми Теңизбаев өзүнө-өзү канцелярдык бычак менен кол салган.

Канатбекованы уурдаган «Хонда Цивик» автоунаасына кароо жүргүзүлгөн учурда, анын багажнигинен Теңизбаевге тиешелүү кийимдер салынган баштык табылган. Шектүү футболканы баштыктан алган деп божомолдонууда. Анткени өзүнүн футболкасы өзүндө болгон.

«Теңизбаев алгач кызды өлтүрүп андан кийин өзүн өлтүргөн. Маркумдардын сөөктөөрү унаанын арткы отургучунда табылган. Унаанын арткы айнектери караңгылатылганы үчүн ичинде адамдар болгону көрүнгөн эмес. Ошондуктан койчу 5-6-апрелде унаада адам болгонун байкаган жок», — деди Утемисов.

Мындан сырткары, Утемисов унаа талаада көп жүргөндүгүн билдирди. Машинанын оң жактагы дөңгөлөгү ылайыга тыгылып калгандан кийин Теңизбаев баткактан чыгууга аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес. Анткени бир эле адамга таандык буттун издери болгон.

Утемисов унаанын төрт эшиги тең ичинен жабык болгонун кошумчалады. Ал эми маркумдардын телефондору өчүк абалда табылган.

Мындан эки күн мурун Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер тарабынан Айзада Канатбекова уурдалып, кийинчерек анын сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылган.

Аны уурдаган киши алгач Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүн өлтүргөн.

Бул окуя коомчулукта нааразычылык жаратып, Бишкек жана Ош шаарларында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митингдер өтүп жатат. Жарандык активисттер ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков менен Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкага кетүүсүн талап кылып жатышат.

Тема боюнча:

Бишкек: Никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган Айзаданын сөөгү табылды

Айзада Канатбекованы уурдагандардын бири кармалды, калган экөөнүн аты-жөнү аныкталды

Марипов: Ала качуу — салт эмес, бул жазалана турган кылмыш

«Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан