Пригородное: Аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, өрттөнөбүз деп коркутушууда

15-апрелде болжол менен таңкы саат 6:00да Аламүдүн районунун Пригородное айылынын айыл өкмөтүн аялдардын тобу басып алды. Алардын колунда баллондор, канистра жана бензин бар — аялдар өрттөнөбүз деп коркутушууда.

Kaktus.media басылмасынын маалыматы боюнча, аялдар айыл өкмөтүнүн имаратынын ичинде бекинип алып, эч кимди киргизбей жатышат. Аларга тилектеш болуп, имараттын тышында турган аялдар журналисттерге жумушсуздуктун айынан алган насыяларын кутула албай жаткандыктан айыл өкмөтүн басып алууга жана өрттөнөбүз деп коркутууга аргасыз болушканын түшүндүрүштү.

«Биз үч күн Ак үйдүн, Өкмөттүн алдында турдук. Эч ким чыккан жок. Кыргыздын бир жигити чыгып, “Энелер, кайсы көйгөй менен келдиңер” деп сурап коюшкан жок. Кээ бирлерибиз үйлөрүнөн ажырап калды, азыр [кредиторлор] үйүбүздөн кубалап жатышат», — деп нааразылык акциясына катышкандардын бири Райхон Мусаева журналисттерге айтып берди.

Ал, айыл өкмөттү басып алган аялдар сыяктуу «Жети дубан» уюмунун өкүлү болуп саналат.

Кийинчерээк айыл өкмөтүнүн имаратына өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Аламүдүн районунун акими жана башка жетекчилер келип, терезе аркылуу баскынчылар менен сүйлөшүүгө аракет кылышты. Бирок баскынчылар алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып, премьер-министрдин келишин талап кылышты.

Окуя болгон жерге ӨКМдин жана милиция кызматкерлери келгени айтылууда. Айыл өкмөтүнүн имараты курчоого алынып, ичкериге эч кимди киргизбей жатышат.