Депутат Зарылбек Рысалиев 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө бүгүн милициянын абалы «өтө оор» деп билдирди. Рысалиевдин айтымында, «элдин ишеничин актайм деген милиционерлердин тилеги ишке ашабы-ашпайбы — белгисиз».
Ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри өз максатына жетпей, бүгүнкү күндө ар бир тергөөчүдө 500-600дөй кылмыш иштери топтолуп турат деди. Депутат мындай абалда «милиция оңолбойт» деген ойдо.
«Мен өзүм 35 жылдай милицияда иштедим [...] Кыргызстандын аймагында болгон кылмыштардын 80-85% милиция кызматкерлеринин мойнунда. Күн өткөн сайын көбөйгөнү-көбөйгөн. Эгер тергөө иштери оңолбосо, сот реформасы жана баша иштер алдыга жылат деп эч ким кепилдик бере албайт», — деди ал.
2019-жылдан тарта Кыргызстанда Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциялары ишке кирген. Ага ылайык жарандар өз арызын көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри түзүлгөн.
Ошондой эле, Рысалиев 2019-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза жана Жазык процесстик кодекстеринде тергөө менен кызматташуу беренеси айыпталуучуга же жабырлануучуга карата «курал катары колдонулуп жатканын» айтат. Мындан улам депутат Кыргызстан 1994-97-жылдагы кодекстерге кайтып келүүсү керек деп эсептейт.
«2019-жылы күчүнө кирген Кылмыш-жаза жана Жазык процесстик кодекстериндеги кемчиликтерге токтолоюн дедим. Ал кодекстерди бизге гуманизация деп түшүндүрүшкөн болчу. Бүгүн гуманизациянын жыты да жок, баары тескерисинче», — деди депутат.
Мындан сырткары депутат милициянын штатын көбөйтүү керектигин кошумчалады.
«Союз убагында Кыргызстанда 3 миллионго жакын жаран болсо, бүгүн 6 жарым, 7 миллионго жакындап калдык. Бишкекте баягы эле төрт РИИБ. Ошол төрт РИИБ качан көбөйөт?» — деп сөзүн жыйынтыктады Рысалиев.
Тергөө менен кызматташуу
Буга чейин Кыргызстанда «Коррупция» беренеси менен айыпталган аткаминерлер же мурдагы чиновниктер тергөө менен кызматташууга барып абак жазасынан кутулган.
Мисалы бажыдагы коррупция боюнча иликтөөнүн фигуранты Райымбек Матраимов 11-февралда «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Бирок тергөө менен кызматташууга баргандыктан сот ага 260 миң айып пул салып бошоткон. Ага чейин УКМК Матраимов мамлекетке келтирген 2 млрд сомду накталай жана кыймылсыз мүлк менен кайтарганын билидрген.
Матраимов менен кошо соттолгон Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчилери Нурлан Раджабалиев жана Абдыбахаб Боронбаев да бюджетке 260 миң сомдон төлөп, бошотулган.
Мындан сырткары иликтөөнүн башка фигуранттары — экс-консул Эркин Сопоков жана Финполдун мурдагы башчысы Бакыт Таиров да тергөө менен кызматташууга барып, мамлекетке келтирилген зыянды төлөгөндөн кийин камалган эмес.