Салык кызматынын башчысы Абдалиев отставкага кетти

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси алмашты. Кабыл Абдалиевдин ордуна Илияз Иманбетов дайындалды.

Иманбеков бул кызматка дайындалганга чейин Евразия экономикалык кеңешинин алкагындагы Кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Кабыл Абдалиев ведомствону үч жолу башкарган. Биринчи жолу 2012-жылы салык кызматынын башчылыгына келген, экинчи жолу 2019-жылдын июль айында дайындалган жана үчүнчү ирет — 2021-жылдын 1-апрелинде.

2020-жылдын декабрь айында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков ага милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган болчу.