Баткенде окуучулар урууга бөлүнүп мушташты. Төрт бала ооруканада

Баткен облусунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-классынын окуучулары арасында 15-апрелде массалык мушташ орун алды. Натыйжада төрт окуучу ооруканага кайрылып, алардын абалы «орто» деп бааланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча окуучулар урууга бөлүнүп алып мушташкан. Баткен ОИИБиден «Клоопко» уруштун чоо-жай иликтенип жатканын билдиришти.

«Окуучулардын мушташы урууга бөлүнүүдөн келип чыккан. Толук себептери учурда текшерилип жатат. Мушташтан жаракат алган 4 окуучу кече түнкү саат 23:00 чамаларында Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган», — деп билдиришти милициядан.

Аталган мушташтан тартылган видеону блогер Санжар Калматай фейсбук баракчасына жарыялаган. Анда 30дай окуучу экиге бөлүнүп, мушташып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле, 6-7 окуучу бир баланы ортого алып, тепкилеп, башына ургандары көрүнөт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн окуяны облус башчысы Өмүрбек Суваналиев жеке көзөмөлүнө алганын маалымдашты. Администрациядан окуя боюнча комиссия түзүлүп, анын чоо-жайын дыкат иликтенет деп кошумчалашты.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Буга чейин 9-апрелде Ысык-Көл облусунун Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында 5 баланын ортосунда мушташ чыккан. Анын кесептинен бир окуучу башынан жаракат алып ооруканага жаткырылган. 15-апрелде анын башына операция жасалды. Ал эми шектүү катары кармалган эки өспүрүм үй камагына чыгарылды.