БУУнун координатору: COVID-19дун үчүнчү толкуну Кыргызстанда тездик менен күч алууда

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Луиз Чемберлен биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков менен 15-апрелде жолугушту. Эл аралык уюмдун байкоосунда «өлкөдө коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну тездик менен күч алууда». Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Азыртадан оорунун жайылышынын алдын алуу тобокелдигин жоюу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу керек. Биз өнөктөш катары биргеликте иш алып барганда көп нерсеге жетише алабыз», — деди Чемберлен.

Ал БУУ Кыргызстанга «социалдык жана гендердик мүнөздөгү маселелерде да» колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Вице-премьер Новиков Чемберлен менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда кытайлык Sinopharm вакцинасы менен эмдөө уланып жатканын жана орусиялык «Спутник V» вакцинасын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

«Биздин саламаттык сактоо тутумунун COVID-19 үчүнчү толкунуна карай даярдыгына тийиштүү билдирсек, ата мекендик саламаттык сактоо тутуму 2020-жылы өлкөдөгү эпидемиянын кескин жайылышына даяр эместиги боюнча Өкмөт белгилүү тыянактарын чыгарды. Эки этапта 11 миңден ашуун койко-фонддун ачылышы, өлкөдө оорунун жайылышы боюнча абалды эске алуу менен медициналык адистердин резерви ишке киргизилип, зарыл жабдуулар, коргонуу каражаттары менен камсыздалат», — деди Новиков.

Вице-премьер 2021-жылдын сентябрынан тарта мектеп медицинасы боюнча долбоорду ишке киргизүү күтүлүп жатканын белгиледи. Өлкө боюнча ар бир билим берүү мекемесинде медициналык кабинеттер уюштурулуп, жер-жерде жылы бою иштей турган медперсонал түзүү пландалууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 15-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун 203 жаңы учуру катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун жалпы 91 374 учуру аныкталды. Пандемиянын кесепетинен 1 544 бейтап каза тапты.