Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча төртүнчү жолу Азия чемпиону болду

Алматыда өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынынын финалдык беттешинде кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова монголиялык атаандашы Болортуя Хурелхуну жеңди. Монголиялык спортчу Тыныбековадан 11:0 эсебинде жеңилген.

Финалга чейин Тыныбекова Өзбекстан, Индия, Казакстан жана Кореянын спортчуларын жеңген. Бул жеңиштердин арты менен кыргызстандык балбан кыз күрөш боюнча төртүнчү жолу Азия чемпиону аталды — Алматыда алтын медаль алганга чейин Тыныбекова Тайландда (2016), Индияда (2017) жана Кытайда (2019-жылдары) өткөн ушундай эле чемпионаттардын үч жолку чемпиону болгон.

Тыныбекова Олимп оюндарына да катышып, бирок медалга ээ болбой калган. Эми ал келе жаткан Олимпиада оюндарына да катышканы турат, ал Токиодо өтөт. Тыныбекова UWWнын дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесине да кирген.