Абхазия унаалары: Автоунаа ээлери кайрадан митингге чыгып, аларды каттатууга жардам сурашты

Абхаз номерлүү автоунаалардын ээлери 19-апрелде кайра митингге чыгышты. «Апрель» маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, 100гө жакын киши Өкмөт үйүнүн алдына топтолуп, премьер-министр Улукбек Марипов чыгышын талап кылышты.

Видео: «Апрель».

Митингчилер автоунаалардын үстүнө Садыр Жапаровго кайрылуулары жазылган плакаттарын илип, абхаз унааларын каттоого тургузуу маселесин чечип берүүнү суранышууда.

Кийинчерээк Өкмөт үйүнүн алдына милиция кызматкерлери келип, чогулгандарды үн сигналын баспоого чакырышты, антпесе митинг тынч мүнөздөгү чогулуш деп эсептелбей калаарын түшүндүрүштү.

Абхазиядан келген автоунаалардын эмне мүчүлүштүгү бар?

19-мартта атайын рейддин алкагында Абхазиянын каттоо номерлери тагылган жана кыргыз жарандары башкарып жүргөн 10го жакын унаа камакка алынганы тууралуу Бажы кызматы билдирген.

Ошол эле күнү Абхазиядан келген унаалардын айдоочулары Бишкек шаарында борбордук аянтка митингге чыгышкан. Чогулган 50дөй киши бийликтен унааларын каттоого алууну талап кылышкан.

Ал эми 21-март күнү Мамлекеттик бажы кызматы Абхазия республикасында каттоодо туруп Кыргызстанга алынып келинген унааларды сатып албоого, бажылык жол-жоболоштуруусуз жана Кыргызстанда алгачкы каттоосуз колдонбоого чакырган.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, унааларды Евразия экономикалык биримдигинин аймагына алып келип, бажы каттоосунан өткөрбөй, тийиштүү бажы төгүмдөрүн төлөбөй туруп, эксплуатациялоо мыйзамсыз, кылмыш жазасына тартылат. Бул иш-аракеттер аткарылмайын унаалар убактылуу сактоо үчүн бажы көзөмөл аймактарына киргизилүүгө тийиш.

Мындан кийин, 23-мартта абхаз номерлери тагылган унаалардын 80ге жакын ээси Өкмөт үйүнүн алдына митинге чыгышкан. Алар өкмөттөн Кыргызстанга киргизилип калган унааларды айдап жүрүүгө уруксат берүүнү талап кылышкан.

30-мартта бул автоунааларды айдап жүрүүгө уруксат берилген, бирок каттоого тургузуу маселеси ошол боюнча чечилген эмес.

Абхазия Республикасы — өзүн көз карандысыз деп жарыялап алган республика, де-юре Грузиянын бир бөлүгү болуп саналат. Анын көз карандысыздыгы дүйнөнүн бир нече мамлекетинде, анын ичинде Орусияда гана таанылган. Кыргызстан анын көз карандысыздыгын тааныган эмес.

Мындан тышкары, Абхазия эч бир эл аралык реестрде жок, ошондуктан бул өлкөдөн келген автоунааларды Кыргызстанда каттоого дээрлик мүмкүнчүлүк жок.

Башкы барактагы сүрөт: «Апрель».