Мени милиция издеп, туугандарымды коркутту — журналист Канат Каниметов

«Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметов бир нече апта мурда Балыкчыдагы үйүндө милиционерлер издеп келишкенин билдирди. Анын айтымында, ал үйдө жашаган туугандары тыңшоодон корккондуктан бул тууралуу ага дароо айтпай коюшкан.

«Алар эмне үчүн келишкенин суракка чакырууларды тоготпой жатканымды жана жогорудан жүргөн жеримди аныктоо тапшырмасы берилгенин айтып түшүндүрүшкөн. Болбогон сөз да. УКМКга суракка мени, өзүңөр билесиңер, бир эле жолу чакырышкан, ага баргам. Бул 11-мартта болгон экен — тагыраагы, бир жарым ай мурда», — деп жазган ал фейсбук барагында.

Каниметов милиционерлердин бири анын тууганын үйдү тинтийбиз деп коркутуп, кийинчерээк журналист ал жерде жашабайт деген документке кол коюп берүүсүн суранышканын кошумчалады. Тууганы баш тарткандан кийин милиционерлер аны эртеси күнү РИИБге келип түшүнүк кат жазып берүүсүн талап кылышкан.

Мындан тышкары, журналисттин айтымында, жергиликтүү РИИБдин кызматкерлери Каниметов жана анын туугандары жөнүндө билүү үчүн кошуналарды сурамжылашкан.

«Эмненин негизинде тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат? Мага карата, эмне, иш козголгонбу, же мен ал тууралуу билбейминби? Эмнеге антип жатышат? Мен эмне, кылмышкерминби? Бирөөнү өлтүрүп же тоноптурмунбу? Мунун баары “Апрель” телеканалы азыркы бийлик режимин сындап жаткандыктан болуп атканын түшүнүп турам. Эмне болуптур? Эми көзүңөргө көрүнгөндүн баарын эле ушинтип кыса бересиңерби?» — деп ачууланды Каниметов.

Ысык-Көл РИИБнен «Клооптун» редакциясына бул окуяга комментарий бере алышпасын, себеби Каниметовго карата тергөө өндүрүшүн Мамкоопсуздук комитети жүргүзүп жатканын айтышты. Бирок УКМК өзү азырынча бул боюнча үн ката элек.

Каниметов деген ким?

Канат Каниметов — УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевге байланышкан «Белизгейт» ишин байма-бай чагылдырган «Апрель» телеканалынын журналисти. Журналист 11-мартта бул иш боюнча күбө катары УКМКнын сурагына чакырылган болчу. «Белизгейт» окуясы чуу болуп жаткан убакта Каниметов КТРКда иштеп жүргөн.

Сурактан кийин журналист тергөөчү аны кылмыш иши менен коркутканын билдирген.

«УКМК менин артыман да казып жатат деп болжоого бардык негиздер бар. Анткени мага көбүнчө айыпталуучуларга же статусу жакында өзгөрө турган күбөлөргө берилген суроолорду берип жатышты» — деген ошондо Каниметов.

Кийинчерээк Каниметов аны суракка алган Коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн үстүнөн юристтер арыз беришкенин, бирок сот алардын арызын канааттандырбай койгонун маалымдаган.

«Белизгейт»

2016-жылы Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп турган кезде президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Конституцияга өзгөртүүлөргө каршылыгын билдирген «ата мекенчи» Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдорду «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылышат деп билдирген.

Далил катары ал Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинен келген документти көрсөткөн. Бул жаңжал тарыхка «Белизгейт» деп кирген.

Депутаттардын өздөрү документти «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, ал түгүл Сегизбаевди сотко беришкен, бирок сотто жеңилип калган. Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчылыгына Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон. 2021-жылы Абдил Сегизбаевди «Белизгейт» боюнча жоопкерчиликке тартуу аракети тууралуу маалым болгон — бул мезгилде УКМКнын мурдагы жетекчиси Садыр Жапаров менен тирешкенге үлгүргөн, ал Жапаровду президенттик шайлоодо катуу сындаган.