УКМК Ошто ак илбирстин терисин 4,5 миң долларга сатууга аракет кылган адамды кармады

Ошто үч ак илбирстин терисин 4,5 миң АКШ долларына сатууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, ал адам ак илбирстин терисин Тажикстандын жаранынан сатып алган. Иштин материалдары КЖБРге «Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу» беренеси менен катталды. Тергөө амалдары уланууда.

Ак илбирс Кыргызстандын «Кызыл китебине» сейрек кездешкен жаныбардын түрү катары киргизилип, ал эми аны атуу үчүн 1,5 млн сом штрафка жыгуу жазасы каралган. Экологдордун эсеби боюнча, жалпысынан дүйнө жүзүндө 3,5 миң илбирс бар, алардын болжолдуу 500ү Кыргызстанда.

Ак илбирс Кызыл китепке 1997-жылы «жол болуу коркунучунда турган жаныбардын түрү» катары киргизилген.