Жети участкада референдум бюллетендери кайра саналат — Бишкек АШКсы

Бишкек АШКсы 18-апрелдеги жыйындан соң жети участкадагы референдум бюллетендерин кайрадан саноо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Клооп Медиа», «Жалпы иш» коомдук фонду жана 12 саясий партиядан келип түшкөн арыздарды карап чыгып, анын жыйынтыгында №1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339чу участкалык шайлоо комиссияларындагы референдум боюнча шайлоо бюллетендерин кайра саноо чечими кабыл алынды.

Андан сырткары №1158 УШКда шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынса, №1343 УШКда болсо жергиликтүү шайлоо менен референдумдун жыйынтыгын тааныбоо боюнча чечим чыгарылды.

«Клооптун» юристи Фатима Якупбаева билдиргендей, №1158 шайлоо участкасында бюллетендер үкөккө тутамдап ташталган үчүн жыйынтыктар жараксыз деп табылган.

№ 1343 участкасында бир нече бузуулардан улам жыйынтык жараксыз деп таанылган. Шайлоо участкасынын төрагасы видео-съёмка кылууга тыюу салып, «Клооптун» байкоочуларын участкадан мыйзамсыз чыгартып салган. Ошондой эле, ошол эле участкада УШК мүчөсү добуш берүүчүлөрдүн бюллетенин колунан алып, урнага өзү салып турган.

Ошондой эле, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 24 УШКга эскертүү берди.

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелде өткөн. «Клооптун» байкоочулары шайлоо күнү участкаларда 800дөн ашуун бузууну катташкан.