«Ичим өрттөнүп турат». Таласта дарыяга агып кеткен наристе бир аптадан бери табыла элек

Сүрөт: ӨКМ

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 12-апрелде дайынсыз жоголгон эки жашар Рамзан Айткулов табыла элек. Наристенин жакындары ал Талас дарыясына чөгүп кетти деп божомолдошууда. Анткени дарыянын жээгинен баланын баш кийими табылган.

ӨКМдин 20-апрелдеги маалыматына ылайык, баланы издөө иштери уланып, ага жалпы 42 киши тартылган.

Наристенин таенеси Гүлай Давлетова «Турмуш» басылмасына издөө иштерин суукта сууга түшүүчү атайын формалардын аздыгы кечиктирип жатканын билдирген. Анын айтымында, ӨКМдин кызматкерлинин сууга түшүп издөө үчүн болгону «эки гана формасы бар».

«Мен азыр ушундай ичим күйүп, өрттөнүп турат. Элиме ыраазымын. ӨКМдин, милициянын кызматкерлери издеп жатышат. Бийликке абдан нааразымын. Алардын дагы бизге окшошкон неберелери бар болуш керек. ӨКМдин сууга түшүү үчүн 2 эле формасы бар экен. Аны да “Кызыл Ай” коомунан алыптыр. Өкмөт тарабынан бир дагы форма берилбептир. Ушундай күндүн суугунда тургундар, күйөө баламдын достору майкачан, ич кийимчен сууга түшүп издешүүдө. Башка кызматкерлер форма жок болгондуктан сууга түшүп издей албай жатышат. Алардын суунун жээгинде таяк менен чукугандан башка аргасы жок», — дейт көзүнө жаш алган таене.

Мындан улам ал президент Садыр Жапаровго маселеге көнүл бурууга чакырды. 

Баланын чоң энесинин айтымында, ал келини менен кир жууп отуруп, наристенин көчөгө чыгып кеткенин байкабай калган. Кийинчерээк аймактагы Талас дарыясынын жээгинен баланын баш кийими табылган. Ошондой эле айылдын айрым тургундары наристенин сууга агып кеткенин көргөнүн айтышкан.

«Ушундай оор убакта бүбү-бакшы, көзү ачыгына да кайрылдык. Баары эле сууда кыпчылып турат деп жатышат. Балам кургактан эле аман-эсен табылса деп тиленип жатам», — деген баланын чоң энеси.

Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен — анын 107си жайкы сезондо. Ал эми 25и 12 жашка чыга элек балдар болгон. 2020-жыл боюнча расмий статистика жарыялана элек.