Коронавирустун 225 жаңы учуру катталды — анын 117си Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 20-апрелде өлкөдө коронавирустун 225 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында төрт медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 117 (эки медкызматкер);

Чүй облусунда — 82 (эки медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 12;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Нарын облусунда — 4;

Ош облусунда — 4;

Талас облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 173 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 108, Чүй облусунда — 51, Ысык-Көл облусунда беш, Ош шаарында жана Нарын облусунда үчтөн, Баткен облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 92 320га жетти — алардын ичинде 4 360 медик бар. Оорудан 87 229 бейтап айыгып, 1 557 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 236 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 49у өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 324 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.