Мария Айтматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Аны менен коштошуу зыйнаты Айтматовдун үй музейинде өттү.

Мария Айтматова 20-апрелде коронавирус илдетинен көз жумган. Ал 13-июлда 79 жашка чыкмак.

Жерге берүү зыйнатында маданият министри Кайрат Иманалиев Мария Айтматованын Кыргызстандын кинематографиясы үчүн жасаган эмгеги зор экенин белгиледи. Ал Айтматова Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун сценарист бөлүмүндө окуганын, кийин Айматовдун чыгармасы боюнча тартылган «Бото көз булак» көркөм фильминде режиссёрдун ассистенти болуп таанылганын белгиледи. Андан сырткары бир катар кинотасмалардын жарыкка чыгышына рецензент катары салым кошкон.

«Кыргызстан кинематографисттер союзунда рецензент катары бир топ көркөм фильмдерге рецензия жазып, алардын жарыкка чыгышына эмгек кылган. Ошондой эле Түркмөнстандын атактуу кинорежиссёру [Ходжакули] Нарлиев тарткан “Маңкурт” көркөм фильминин сценарийин жазган», — деди ал.

Министр ошондой эле, жазуучунун «Кылым карытар бир күн» романын өз колу менен машинкага басып чыкканын кошумчалады.

Ал эми композитор Муратбек Бегалиев Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен көп жылдан бери жакшы мамиледе экенин айтып, Мария Айтматова менен Чыңгыз Айматовдун жан дүйнөлөрү бир болгонуна токтолду.

Мария Айтматова Чыңгыз Айтматовдун экинчи жубайы. Ал 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда төрөлгөн. Алар 1980-жылдары баш кошуп, эки балалуу болушкан — Ширин жана Элдар.

Мария Айтматова Чыңгыз Айтматов каза болгондон кийин анын атындагы фондду жетектеп келген.