«Балким, УКМК жаңылгандыр?» Бекешев Матраимовдун кылмыш иши кыскартылганы тууралуу

Депутат Дастан Бекешев 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчётун угулуп жатканда бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата ачылган кылмыш иши эмне себептен кыскартылганына кызыкты.

Бекешев журналисттер иликтөөдө Матраимовдун Дубайда үйү бар экенин далилдешкенин, бирок «УКМК чет өлкөдөгу мүлкүн таппай койгонун» баса белгиледи.

«Аны жакшылап карадыңарбы? Мүмкүн, УКМК кичине ката кетирип, толук маалымат таба албай калдыбы?» — деп суроо салды ал.

УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагын Самидин уулу депутатка Коопсуздук комитети ЖМК колдонгон интернет булактарына таяна албастыгын айтып жооп берди.

«Биз ошол мамлекеттердин расмий органдарынын расмий маалыматтарын гана колдоно алабыз. Мыйзамга ылайык сурамдарды жөнөттүк, жоопторун алдык, ошол расмий документтердин негизинде биз мыйзам ченемдүү чечим кабыл алдык», — деп билдирди ал.

Буга чейин УКМК Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү мүлктөрү табылган жок деген жүйөө менен бажы төрагасынын мурдагы орун басарына карата кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иши кыскартылганын кабарлаган.

Кийин Башкы прокуратура УКМКнын чечиминин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун текшерип, атайын кызматтын чечимин жокко чыгарууга негиз жок деген тыянакка келген.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

* «Клоопа», «Азаттык» жана OCCRP журналисттери кыргыз бажысындагы коррупциялык схемалар тууралуу бир катар иликтөөлөрдү жарыялап, ага Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин далилдешкен. Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өтүп, ал күнөөлүү деп табылган. Бирок сот ага 260 миң сом айып салып, андан соң эсептерин камактан чыгарган. Сот мындай чечимди Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсепке 2 млрд сом — 1,4 млрд сом акчалай, 600 млн кыймылсыз мүлк түрүндө төгүп бергендиктен кабыл алган.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Анда ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Эми ал кылмыш иши кыскартылды.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоо себеп болгон. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.

Тема боюнча окуңуз:

«АКШ элчилиги: Матраимовдун бошотулганы көңүл калтырат, бирок анын активдери тоңдурулат

Башкы прокуратура: Матраимовдун бошотулушу мыйзамдуу

Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?