Башкы прокуратура: Матраимовдун бошотулушу мыйзамдуу

Башкы көзөмөл органы УКМКнын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу кылмыш ишти кыскартуу боюнча кабыл алган чечиминин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун текшерди. Текшерүүнүн натыйжасында ведомство аталган чечимди жокко чыгарууга негиз тапкан жок. Бул тууралуу 16-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Башкы прокуратура тараткан маалымат боюнча, чет өлкөлөрдө Матраимовго жана анын жакын туугандарына таандык кыймылсыз мүлк жана активдер бар-жогу жөнүндө журналисттик иликтөөлөрдө келтирилген бардык жүйө далилдерди текшерүү тапшырмасы берилген. Анын маалыматына ылайык, апрель айында өнөктөш өлкөлөрдөн экс-бажычынын жана анын жакындарынын эч кандай мүлкү жок деп айтылган жооп келген.

Ошол эле учурда, журналисттер Дубайда Матраимовдун батирин табышкан.

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы

«Такталган жагдайларга таянылып, кылмыш иши кылмыштын курамы жок деген негизде өндүрүштөн кыскартылган», — деп белгилейт Башкы прокуратура.15-апрелде УКМК Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуп, аны камактан чыгарган. Атайын кызмат КМШ, Европа, Кытай, Түркия жана Дубайдын тийиштүү органдарынын расмий документтерине таянып, Матраимовдордун чет өлкөдө мүлкү табылбаганын, анын ичинде тергөөдө да далилдер жоктугун, ошондуктан иш кыскартылып, ал эми камакта кармоо түрүндө баш коргоо чарасы жокко чыгарылганын билдирген.

«Ошол эле учурда, Р.Матраимов өз ыктыяры менен баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метр квартирасын мамлекеттин бюджетине өткөрүп берди», — деп билдиришкен УКМКдан.

Матраимов ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өтүп, ал күнөөлүү деп табылган. Бирок сот ага 260 миң сом айып салып, андан соң эсептерин камактан чыгарган. Сот мындай чечимди Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсепке 2 млрд сом — 1,4 млрд сом акчалай, 600 млн кыймылсыз мүлк түрүндө төгүп бергендиктен кабыл алган.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Анда ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Эми ал кылмыш иши кыскартылды.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоо себеп болгон. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.