АКШ элчилиги: Матраимовдун бошотулганы көңүл калтырат, бирок анын активдери тоңдурулат

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги УКМК экс-бажычы Райымбек Матраимовго карата кылмыш ишти кыскартканына байланыштуу билдирүү таратты.

Дипломатиялык өкүлчүлүк «уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) башчысы Райымбек Матраимовдун бошотулушу көңүл калтыраарлык иш экенин» билдирди.

«Америка Кошмо Штаттары Матраимовдун кылмыштуу мүлкүн чет өлкөдө тоңдуруп, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин улантууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик Матраимов бажыда коррупциялык схеманы түзүп, натыйжада Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ доллары чыгарылып кеткени үчүн «Магнитский тизмесине» киргизилип, ага визалык санкциялар колдонулганын да белгилейт.

Элчиликтин айтымында, кыргыз бийлиги бул каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана пенсия төлөө сыяктуу маанилүү багыттарга жумшай алмак.

Мындан тышкары, элчилик УКТга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча АКШ менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтык улантылаарын белгиледи.

Коррупциялашкан акчаны кайтарып берүү АКШнын коррупцияга каршы күрөшүү жана уурдалган мүлктү кыргыз элине кайтарып берүү боюнча милдеттенмесинин далили болуп келет. 2019-жылы АКШ тарабынан Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллар өлчөмүндөгү акчасы Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

«Матраимовго байланыштуу айтыла турган болсо, биз Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте Матраимовго таандык Казыналыктын Тышкы активдерди контролдоо бөлүмүнүн талаптарына ылайык тоңдурулуп калышы мүмкүн болгон мүлктү жана каржылык кызыкчылыктарын аныктоо боюнча иштеп жатабыз», — деп ишендиришти элчиликтен.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Райымбек Матраимовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши кыскартылды

Камчыбек Ташиев: Бүгүнкү күндө Матраимовду жоопко тартууга негиз жок