«Кумар оюндары шайтандын иши». Кадыр Маликов кумаркана ачууну колдогон депутаттарды сынга алды

Кыргызстан муфтийинин орун басары Кадыр Маликов фейсбук барагында парламент депутаттарын Орозо айында Ысык-Көлгө кумаркана ачуу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышканы үчүн кескин сынга алды.

Маликовдун айтымында, бул жаңылык аны капа кылды. Кумарканалар исламда оор күнөө болуп саналат жана «бардык мусулмандар муну билет».

«[...] Орозого атайын «белек» кылгандай бул жаңылык мени абдан капа кылды», — деп Маликов жазды.

Дин таануучу кумарканалар чет элдиктер үчүн гана ачыларын да белгиледи. Жергиликтүүлөр кумарканаларга киргизилбейт деген шылтоо менен, демилгечилер андай оюн залдарына салынган тыюуну актоого аракет кылып жатышат деп эсептейт.

«Өкмөт үчүн киреше, казынадагы акча эң негизги болуп, ал эми ал киреше кандай жол менен келип жатканы маанилүү эмеспи? Ошол эле маалда ар бири «Кудай буюрса, Кудай берсин…» ж.б. сөздөр менен Кудайга болгон ишенимин көргөзгүсү келип отурат», — деп муфтийдин орун басары белгиледи.

Маликов арам жол менен табылган акча эч кандай береке алып келбей турганын баса белгиледи.

«Кумар оюндар – тыйылган жана шайтандын ишине тийиштүү», — деп Маликов сөзүн аяктады.

Мыйзам долбооруна кантип добуш берилген?

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-апрелде Ысык-Көлдүн «Тамчы» аэропортунда кумар оюндарын ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кумарканаларды ачууну колдогон. Кумарканалар туристтер үчүн гана ачылат, Кыргызстандын жарандарына ал жактарга кирүүгө тыюу салынат деп билдирген. Ал мыйзам долбооруна каршы чыккандарды «популист» деп атап, аларды «кара пиар» менен алектенип жатышат деп айыптаган.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков демилгелеген. 91 депутаттын ичинен 68 депутат долбоорду колдоп, 23 депутат каршы добуш берди. Калган депутаттар жыйынга катышкан эмес.

Бирок добуш берүүдөн кийин бир нече депутат долбоорго каршылыгын билдиришкен. Алар өз позициясын ушул сыяктуу мыйзамдар ыйык Орозо айында кабыл алынбаш керек деп түшүндүрүшкөн.

«Орозо ачка жүрүү эле эмес, кудайдын ыраазычылыгы үчүн кармалат. Ошондуктан көп депутаттар азыр суранып атат, кайрадан добушка коюңуздар», — деп билдирди депутат Төрөбай Зулпукаров добуш берүү бүткөндөн кийин.

Эл өкүлдөрүнүн кайрадан добуш берүү керек деген талабына карабай, Жогорку Кеңеш долбоорду биринчи окууда жактырды.

Мыйзамдын долбоору жөнүндө кененирээк төмөндөгү материалдан окуңуз:

«Ысык-Көлдүн Лас-Вегасы». Депутаттар облуста кумаркана ачууну сунуштады