Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборунун директору болду

Мадамин Каратаев

Саламттык сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев 22-апрелде Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу «Клоопко» министрликтин басма сөз кызматынан ырасташты. Тиешелүү буйрукка саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мындан бир күн мурун кол койгон.

Каратаев — ССМдин башчысынын орун басарлык кызматынан үстүбүздөгү жылдын 25-мартында бошотулган. Буга COVID-19 менен күрөшүүдөгү маморгандар менен муниципалитеттердин иши тууралуу ведомстволор аралык комиссия Каратаевдин ишин «жетишсиз» деп тапкандыгы себеп болгон.

Комиссиянын маалыматына ылайык, коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны, расмий статистикадан алда канча көп, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги көз жумгандардын санын атайылап азайтып айтып турган.

Ошондой эле, комиссия мүчөлөрү COVID-19 оорусун дарылоонун клиникалык протоколунун үчүнчү версиясы ССМ тарабынан бир айдан ашуун кечигип бекитилгендигин айтышкан. Алардын айтымында, клиникалык протоколду «өз кызыкчылыгы бар» конкреттүү бир аткаминер өткөрбөгөндүктөн ушул окуя болгон.

Ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө 2020-жылдын январь айынан тартып камылга көргөн. Кыргызстандагы COVID-19 жуктуруунун алгачкы учурлары 17-мартта катталган.

Бирок 2020-жылдын жай айларында, даярдык көрүүгө жетиштүү убакыт болгонуна карабай, өлкөнүн саламаттык сактоо системасы туңгуюкка кептелген: ооруканаларда койкалар, медиктер, дары-дармектер, жабдуулар жетишсиз болуп чыккан.

Аталган комиссиянын маалыматына ылайык, COVID-19га каршы күрөштүн алкагында 14 кылмыш иши козголголгон.