Баткенде беш бугуну Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

УКМКнын чек ара кызматы 22-апрелде сейрек кездешүүчү жаныбарларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган адамдарды кармады.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында чек арачылар Кыргызстандын Т. Н. аттуу жаранына таандык «Тойота» үлгүсүндөгү унаа чек ара тилкесине жакын токтоп турганын аныкташкан.

Унаадан 1 жаштан 4 жашка чейинки беш бугу табылган. Беш бугунун төртөөсүнүн мүйүзү түбүнөн кыркылганы да аныкталган.

«Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү — Өзбекстандын жараны кармалган. Сурамжылоодо жаныбарларды Өзбекстанга өткөрүүнү максат кылышканы аныкталган. Ал эми айдоочуда бугуларды алып чыгууга тиешелүү эч кандай документтери болгон эмес», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Тийиштүү документтер даярдалгандан кийин кармалган жарандар жана жаныбарлар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенеттүү органдарга өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда бугулардын наркы эсептелүүдө.