Бишкек мэринин м.а. коронавируска каршы эмделди

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 23-апрелде баш калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов COVID-19га каршы кытайлык Sinopharm вакцинасын алганын кабарлады.

Бишкек мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов, сүрөт: баш калаа мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине азыркы этапта эмделүүгө каршы көрсөтмөсү жок ар бир каалоочу вакцина ала алаарын билдирди. Мэрия вакцина алыш үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнө кайрылууну кеңеш кылды.

Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга 19-мартта жеткирилген. Калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда башталган. Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмдөөдөн өткөрүлүүдө.

Кытай вакцинасы 75 миң адамга жетиши керек. Андан тышкары, 22-апрелде өлкөгө Орусиянын 20 миң доза «Спутник V» вакцинасы алынып келинген.