COVID-19: Коронавирусту жуктурган 7 бейтап каза болду, жаңы 272 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 23-апрелде коронавирустун жаңы 272 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 242, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 30.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 148;

Чүй облусунда — 86;

Ош облусунда — 4;

Ысык-Көл облусунда — 18;

Жалал-Абад облусунда — 4;

Ош шаарында — 6;

Баткен облусунда — 1;

Нарын облусунда — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 93 278ге жетти. 

Ал эми акыркы суткада 163 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 78, Чүй облусунда — 52, Ош шаарында жана Ош облусунда — үчтөн, Нарын облусунда — эки, Баткен облусунда — төрт, Ысык-Көл облусунда — он беш, Жалал-Абад облусунда — алты бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 87 717 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 406 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 330 киши оор, 56 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 609 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 670.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт жана Чүй облусунда — үч COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 573 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарында эмгектенген эки медик коронавируска чалдыкты. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 382ге жетти, анын ичинен 4 297 медкызматкер илдеттен айыкты.