Түптө 8-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калды, милиция териштирүүнү баштады

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 14 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде Түп райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, анын жашы жете элек кызы дээрлик жети айлык кош бойлуу экенин маалымдаган. Ошондой эле, арыз ээси 16 жаштагы 10-класстын окуучусуна чара көрүүнү өтүнгөн.

Милиция бул окуя боюнча «Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү уланууда.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-класстын окуучуусу көз жарган. Милиция кылмышка шектеп кыздын 17 жаштагы таекесин кармаган.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши катталган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.