Аксыда окуучу кызды зордуктоого таекеси шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көз жарган 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген тургун анын таекеси болуп чыкты. Бирок ал айыптоолорду четке кагууда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси Нурсултан Курманбеков «Азаттык» үналгысына окуучу менен шектүү эки башка үйдө турганын маалымдаган.

Анын айтымында, кыздын ата-энеси жана туугандары аны толуп кетти деп ойлоп эч нерсени байкаган эмес.

«Үй-бүлөдө жети бир тууган, ата-энеси иштебейт. Ал эми аны "зордуктады" деген бир тууган таекеси кылмышты мойнуна албай жатат. Ата-энеси, туугандары кызды толуп кетти деп ойлошуптур. Мектепке барганда да курткасын чечпей отурчу экен», — деди Курманбеков.

Шектүү 5-апрелде кармалып, эки айга камакка алынган.

Ымыркайга камкорчу дайындалат

Курманбеков ымыркайга камкорчу дайындоо маселеси каралып жатканын айтты. Өспүрүм кыз Аксыдагы төрөтканада 3 кг 200 салмакта кыз төрөгөн. Учурда ымыркайды таенеси карап жатат.

Мындан сырткары, министрликтен кыздын үй-бүлөсү көп балалуу жана социалдык абалы начар бүлө катары каттоодо тургандыгын билдиришкен.

7-класттагы окуучу кыз Аксы аймактык ооруканасында 1-апрелде көз жарган. Бул тууралуу милицияга дарыгерлер кабар беришкен. Аксы райондук милициясы «16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу» беренеси менен тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, төрөгөн кыз окуган Кара-Суу айылындагы мектептин директору жазган арызынын негизинде жумуштан бошотулган. Ал эми анын орун басарына, окуу бөлүмүнүн башчысына жана соцпедагогго сөгүш жарыяланган.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талант Эмилбек уулунун айтымында, мугалимдер да, жетекчилик да өспүрүмдүн боюнда болгонун байкаган эмес.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши катталган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.

Тема боюнча:

Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды, милиция тергөө иштерин баштады

Аксыда көз жарган кыз окуган мектептин директору жумуштан бошотулду

«Көз жарган окуучу». Аксыда «зордуктоого» шектелип 17 жаштагы тургун кармалды