Салык кызматынын башчысынын орун басары Бажы кызматынын жетекчисине орун басар болду

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин жаңы орун басары болуп Кубаныч Шатемиров дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Бажы кызматынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Шатемиров мекеменин санариптештирүү тармагын тескейт.

Ал 2019-жылы декабрда Салык кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Шатемиров ошондой эле, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда жана Маалыматтык технологиялар жана байланыштар боюнча мамлекеттик комитетинде иштеген

Economist.kg басылмасынын жазышынча, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана санариптештирүү долбоорлоруна адистешкен. Анын жетекчилиги менен «Коопсуз шаар», «Электрондук счет-фактура» сыяктуу бир катар долбоорлор ишке ашкан.